Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын 2014-жылдагы I-кезектүү сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 1/1

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2012-жылга аткарылышын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе-1

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXV-чакырылышынын кезектүү I-сессиясынын 14.04.2012-жылдагы №1 чечими менен бекитилген Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2012-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 28669,3 миң сомго жана чыгашалар бөлүгүнө 28320,2 миң сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет);

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Арык айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Арык айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Б. Жумаева

 

Жаңы-Арык айылдык

кеңешинин катчысы

 

М. Мамыткожоев

 

 

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын 2014-жылдагы I-кезектүү сессиясынын №1/1 Токтомуна Тиркеме №1

 

Жаңы-Арыкдык Кеңешинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Киреше бөлүгүнө:

Доходдон — 807,4 миң сом

Категорияльж гранттан — 19778,6 миң сом

Тендештирме гранттан — 3107,6 миң сом

Жалпы киреше бөлүгүнө - 23693,6 миң, сом бекитилген.

Чыгаша бөлүгүнө:

АУП ка — 3308,5 миң сом

Маданиятка — 390,3 миң сом

Билим берүүгө - 19994,8 миң сом

Жалпысы: 23693,6 миң сом каралган.

2012-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй аткарылган.

Киреше бөлүгү:

Доходдон — 891,0 миң, сом

Категориялык грант — 21690,8 миц сом

Тендештирме грант — 3107,6 миц сом

Ѳз ара эсептешүүдөн (взаиморасчет) -2979,9 миц сом

Жалпысы: 28669,3 миң сом

Чыгаша бөлүгүнө:

АУП ка — 3534,3 миң сом

Маданиятка — 333,5 миң сом

Билим берүүгө - 24452,4 миң сом

Жалпысы: 28320,2 миң сом