Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 86
Ижарага берилген жерлердин пайдаланылышы жана ижара акыларынын өндүрүлүштөрү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жалпы айдоо жердин жеке менчике 75 пайызы кетип,25 пайызы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебине калтырылган, же болбосо 1000 га суугат жердин 750 га жеке мннчике, 250 га фондко калтырылган. Ал эми 1894 га кайрак жерден 1421 га үлүшкө бөлүнүп 473 га ортолук фондко калтырылган.
Мамлекеттик фондко калган жерлер боюнча 2008-жылы АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агентигинин (USAID) техникалык жардам көрсөтүүсүнүн алкагында жер реформасы базаларын өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы түзүлгөн жана бул келечек планы депутаттардын Үч-Терек айылдык кеңешинин 2008-жылдын 4-июлундагы токтому менен бекитилген.
Үч-Терек айылындагы 45 га суугат жери Кум-Ой участкасында толук өлчөмдө ар кандай көлөмдө 110 ижарачыга бөлүнүп, 2015-жылдын аягыначейин келишим түзүлгөн. Саргата айылында 25 га суугат жери Көк-Жар, Күн-Тийбес участкаларында 80 ижарачыга тийиштүү көлөмдө келишимдин негизинде пайдаланылууда. Жетиген айылында ПО га жердин 61 гектары,60 ижарачыга бөлүнүп берилген.Ал эми 50 гектары жаңы уюшулган «Кошалы-Ата» айыл чарба кооперативине ижарага берилди.
Эң оор маселе Кызыл-Ураан айылында орун алууда фондко деп калтырлган 60 га суугат жеринин 32 га жери бел участкасынан,калган жерлер бир массивден эмес ар кайсы үлүш жерлердин жака белинен бөлүнүп,натыйжада бир массив болбогондуктан, ар кимдин үлүш жерлерине кирип кеткен.Бул жерлерди аныкташ үчүн убагында жерди бөлүштүргөн картасы менен госрегистрдин адистери, үлүш алган адамдар бүт катышканда гана такталышы мүмкүн.Жер маселесине байланышкан маселелерди жана фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын түзүү боюнча жер адиси Абазов
Калыбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин кезектеги III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер маселесине байланышкан маселелерди жана фонддун жерлерин аукционго же арендага беруу боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Аукционго берилген жерлердин мөөнөтү бүткөндүктөн кайрадан аукционго же арендага берүү боюнча комиссияда карап 1 жуманын ичинде чечип берүү жагы комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
3. Жер маселесине байланышкан маселелерди оз убагында чечип берип туруу жагы комиссиянын мүчөлөрүнө жана жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www, uch-tеrek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |
| Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясынын 2014-жылдын 23-июлундагы № 86 токтомуна 1 тиркеме |
Сулайманов Өсөрбек -Айылдык кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы.
МҮЧӨЛӨРҮ:
Абазов Калыбай - жер адиси
Чолпонкулов Мурат - депутат
Казимидинов Жайлоо - айыл өкмөт башчысынын орун басары
Сатыбаев Жекше - жайыт комитетинин төрагасы
Калматов Нияз - депутат
Үтүров Апсатар - депутат
Бекжанов Дөлөнкадыр - депутат
Акылбеков Токтор - депутат
Урматаев Тагай - депутат
Келгенбаев Майрамбек - Саргата айылынын айыл башчысы
Талканчиев Чабан - Жетиген айылынын айыл башчысы
Качкынбаев Эдил - Токтогул райондук мам.катоо башкармалыгынын кызматкери
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |