Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 80/12-3
Токмок шаарынын Шаардык чарба, капиталдык курулуш, унаа жана коммуникациялар муниципалдык башкармалыгынын жоюуга макулдук берүү жана Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жаңы түзүмүн бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэринин 18.02.2014-ж. Чыг.№131/1-4 өтүнүчүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Шаардык чарба, капиталдык курулуш, унаа жана коммуникациялар муниципалдык башкармалыгын жоюуга макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы №15/5-3 токтому өз күчүн жоготту деп саналсын.
3. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жаңы түзүмүн бекитүүгө макулдук берилсин (тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Дж.Таманбаев |
| Тиркеме токтом шаадык кенешинин 2014-жылдын 5-марты № 80/12-3 токтом менен бекитилди |
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын түзүмү
Башкармалыктын начальниги |
Муниципалдык менчик объектилерин каттоо боюнча бөлүм (5) |
Бөлүмдүн башчысы
Объектилер жана курулмалар боюнча башкы адис
Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис
Ижара боюнча жетектөөчү адис
Жер маселелери боюнча адис |
Сатып алуулар жана капиталдык курулуш бөлүмү (5) |
Бөлүмдүн башчысы
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис
Капиаталдык курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча башкы адис
Тендердик документацияны даярдоо боюнча жетектөөчү адис
Смета түзүү боюнча жетектөөчү адис
|
МИ жана шаардык инфраструктурага мониторинг жүргүзүү бөлүмү |
Бөлүмдүн башчысы
Турак жай саясаты жана турак жай фондун эсепке алуу боюнча башкы адис МИ жана коммуналдык кызматтардын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча башкы адис Жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга мониторинг жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис
|
Укуктук-документациялык камсыздоо бөлүмү (4) |
Бөлүм башчысы
Укуктук маселелери боюнча башкы адис
Курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча жетектөөчү адис
Кадрлар боюнча адис
|
-Документациялык камсыздоо боюнча адис -Архивариус - катчы иш кагаздарын жүргүзүүчү - кызматтык автоунаанын айдоочусу - электр жабдууларын оңдоо боюнча ширетүүчү - Комендант - мэриянын имаратын жыйнап тазалоочусу - ММБнын жыйнап тазалоочусу - ТРЭСТ имаратын жыйнап тазалоочусу - ТРЭСТ имаратынын кароолчусу (4) - «Айнек» АКтын кароолчусу - короо шыпыруучу (15)
|
Башкы бухгалтер
Материалдык бухгалтер
Кассир (3) |