Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 82/12-3
Токмок ш. №2, №6 жана №8 жалпы билим берүү мекемелеринин аянтындагы “Балдар спорт аянтчаларын жаңылоо” объектилерин колдонууга киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэринин 21.02.2014-ж. чыг.№143/1-4 өтүнүчүнүн негизинде жана 2013-жылдын 25-декабрындагы жумушчу комиссиясынын колдонууга кабыл алуу актысына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизнде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 25-декабрындагы жумушчу комиссиясынын колдонууга кабыл алуу актысына ылайык Токмок ш. №2, №6 жана №8 жалпы билим берүү мекемелеринин аянтындагы “Балдар спорт аянтчаларын жаңылоо” объектилерин колдонууга киргизүүгө макулдук берилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. вице-мэри Ж.Ж.Шамыралиевге жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2014-ж. 5 мартынын № 82/12-3 токтомуна тиркеме |
| «Бекитем» Токмок ш. мэри А.Н.Оморканов 2013 ж. 25-декабры |
Токмок ш. мэриясынын 17.12.13-ж. №207-б буюрмасынын негизинде, жалпы билим берүү мекемелеринин №2,№6,№8 (орто мектептердин) аймагындагы «Балдардын спорттук аянтчаларын реконструкциалоо» боюнча аткарылган иштерди кабыл алууга жумушчу комиссиясы түзүлгөн.
Комиссиянын төрагасы: |
|
Шамыралиев Ж.Дж. | - Токмок ш. вице-мэри;
|
Комиссиянын катчысы: |
|
Абышева Ж. К.
| -Токмок ш. шаардык чарба муниципалдык башкармагылынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Эралиева С.Дж
| -Токмок ш. муниципалдык менчик бащкармалыгынын укуктук маселелер боюнча башкы адиси;
|
Абышалиев С.А.
| -Токмок архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын курулуш жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
|
Беккулиева Ш.Т. | -Токмок ш. №8 орто мектептин директору;
|
Айтышев А.К.
| -Токмок ш. мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. |
Комиссия, балдардын спорттук аянтчаларын реканструциалоо бюнча аткарылган курулуш иштеринин көлөмү сметалык документацияга ылайык аткарылгандыгын аныктады, жумуштар СНжЭ талаптарына сактоо, ГОСТ жана тиешелүү стандартка ылайык курулуш материалдарга колдонуу менен жүргүзүлгөн.
Токмок ш. жалпы билим берүү мекемелеринин №2,№6,№8 (орто мектептердин) аймагындагы «Балдардын спорттук аянтчаларын реконструкциалоо» аяктаган иштер колдонууга кабыл алынсын.
Комиссиянын төрагасы: Шамыралиев Ж.Дж.
Комиссиянын катчысы: Абышева Ж.К.
Комиссиянын мүчөлөрү: Эралиева С.Дж.
Абышалиев С.А.
Беккулиева Ш.Т.
Айтышев А.К.