Редакцияот 29.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыштагы Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин I сессиясы

 

2012-жылдын 29-декабры № I/III

Депутаттардан Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ез алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кецеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү №1, № 2 протоколдору бекитилсин. (тиркелет)

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгу протоколу бекитилсин.

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты — Мирлан Калдыбаевич Нааматбеков Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин терагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

 

Төрагалык кылуучу Сары-Ой

айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаты

 

 

Ж. Султанов

 

 

Сары-Ой айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

эсептөө комиссиясынын

2012-жылдын 29–декабры

№ 1 ПРОТОКОЛУ

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын бекитүү жөнүндө

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешиннн эсептөө комиссиясынын заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңештин эсептөө комиссиясынын төрагалыгына депутат - Жакыпов Чубак. катчылыгына депутат-Асанов Тынчтык. мүчөлүгүнө-Исмаилбеков Биймырза бекитилсин.

2. Эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун бекитип берүү жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы

Ч. Жакыпов

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын

№ 2 ПРОТОКОЛУ

2012-жылдын 29-декабры

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагалыгына Нааматбеков Мирлан Калдыбаевич сунушталып жабык, жашыруун добуш менен шайлоо бюллетенине киргизилген. Добуш берүү үчүн 10 бюллетень таратылып, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болуп чыкты:

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нааматбеков Мирлан Калдыбаевичти колдоп 10 депутат добуш берген.

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 37-беренесинин 1- бөлүмчөсүнө ылайык көпчүлүк добушка Нааматбеков Мирлан Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинисин.

2. Эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун бекитүү Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы

Ч. Жакыпов