Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-19
Ноокат шаар мэриясында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги бекитилсин. (Ноокат шаар мэриясында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы кезектеги IV чакырылыш XXXVII сессиясынын №-XXXVII-19 токтомуна №1 тиркеме. |
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Шарттар |
1 | 1-2 тотогу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга санаторияга барууда материалдык жардамдарды берүү | Акысыз |
2 | Таланттуу балдардын спорттук мелдештерге жана окуу олимпиадаларына катышуусун жарым-жартылай каржылоо | Акысыз |
3 | Кургак учук, кан диабети менен ооруган ооруларга жана ВИЧ/СПИД менен ооруган жаш балдарга материалдык жардамды берүү | Акысыз |
4 | Мал ооруларын алдын алуу үчүн муниципалдык ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу | Акы алынуучу |
5 | Үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери, мүлкү, жери тууралуу аныктамаларды берүү | Акысыз |
6 | Социалдык мекемелерди таза суу менен камсыздоо |
|
7 | 7 жана андан ашык бала төрөгөн баатыр энелерге материалдык жардам көрсөтүү | Акысыз |
8 | Ишкердик жүргүзүүдө ишкердиктин багытын өзгөртүү боюнча иш кагаздарын даярдап берүү | Акысыз |
9 | Таштанды ташып чыгуу | Акы алынуучу |
10 | Ичүүчү таза суу менен камсыздоо | Акы алынуучу |
11 | Автоунаалар токтоочу парковкаларды уюштуруу | Акы алынуучу |
12 | Мугалимдердин коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү | Акысыз |
13 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана тылда иштегендерге, Авган согушунун, Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана Советтик Армиянын майыптарына материалдык жардамдарды берүү | Акысыз |
14 | Жалгыз бой кары-картаңдарга жана тоголок жетим балдарга материалдык жардамдарды берүүнү уюштуруу | Акысыз |
Ноокат шаардык жооптуу катчысы: |
М.Ярматов |