Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXX кезексиз сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун (АРИС) “АИД-3” долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү иш чаралары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдар боюнча түзүлгөн фокустук топтор аныктаган көйгөйлүү аткарыла турган иштер тизмеге ылайык бекитилсин. № 2-тиркеме 1-баракта тиркелет.
2. Көйгөйлүү маселелер боюнча “Артыкчылыктуу долбоорду” аныктоо үчүн Ленин айыл өкмөтүнүн №97 02.11.2016-жылдагы буйругу менен түзүлгөн конкурстук комиссия мүчөлөрү тизме боюнча № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин, тиркеме 1-баракта тиркелет.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ч.Мурзакановко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Токтосунов |
| Ленин айылдык Кеңешинин 21.11.2016-жылдын XXX-сессиясына №2-тиркеме. |
Ленин айылында.
1. Интернет байланыштын жоктугу;
2. Маданият үйүн ремонттоо жана эмеректерди сатып алуу;
3. “Байчечекей” бала бакчасынын ажатканасынын эскилиги, мындан ары пайдаланууга жараксыздыгы;
4. №27 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектептин эски эшик терезелерин алмаштыруу, мектептин короосунун айланасын тосмосунун начардыгы, аны тосмолоо;
5. Мед. аптеканын жоктугу.
Орто-Сай айылында.
1. Интернет байланыштын жоктугу;
2. Орто-Сай айылындагы Ө.Бегимкулов көчөсүнүн жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыздалбаганы;
3. К.Жумаев жана Р.Таракулов көчөлөрүндө асфальт жолдун жоктугу;
4. Айылдын борбордук А.Асанов көчөсүндө түнкү жарыктын жоктугу.
Жыгач-Коргон айылында.
1. Жыгач-Коргон айылындагы клубду ремонттоо;
2. Жыгач-Коргондо жаңы курулуп жаткан 50 оорунду бала бакчанын жаңы эмеректери менен камсыздалбаганы;
3. Жыгач-Коргон айылындагы жаңы конуштун элдерин ичүүчү таза суу менен камсыздоого суу түтүктөрүн тартуу;
4. Жыгач-Коргон айылындагы №25 А.Тажибаев орто мектебинин короосунун айланасынын тосмосунун начардыгы.
Ленин айылдык кеңешинин катчысы: |
К.Курманалиев |
| Ленин айылдык Кеңешинин 21.11.2016-жылдын XXX-сессиясына № 3-тиркеме. |
Ленин айыл аймагы боюнча көйгөйлүү аткарууга талап кылган иштер боюнча “Артыкчылыктуу долбоорду” аныктоо үчүн түзүлгөн конкурстук комиссия мүчөлөрү:
1. Мамырасулов Мамасадык С. – Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси, комиссиянын төрагасы;
Комиссия мүчөлөрү:
2. Атабаев Ашим Т. – айыл өкмөттүн жер адиси;
3. Тунгатаров Аргымбай – Орто-Сай айылынын айыл башчысы;
4. Арзыкулов Сооронбек – Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы;
5. Тойчуев Айти – айылдык Кеңештин депутаты;
6. Мураталиев Балатай – айылдык Кеңештин депутаты.
Ленин айылдык кеңешинин катчысы: |
К.Курманалиев |