Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 5-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 4 бөлүмүннүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында өткөрүлгөн 2016-жылдыынн 20- февралындагы коомдук угуунун №1 протоколу колдоого алынып жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кошо бекитилсин.(тиркелет)
3. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагыы Көк-Жар айыл өкмөтунө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |
Стратегиялык план
КИРИШ СӨЗ
Ушул стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда айылдарды өнүктүрүүгө багытталып, конкиреттүү такталган, сандык жагынан белгиленген комплекстүү программаны иштеп чыгуу. Бул өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл айылдарда талкууланып, айылдык кенештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, андан кийин жалпы коомдук угууга коюлган. Өнүгүүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
Бул иштелип чыккан документ Көк-Жар айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга “Аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын” туруктуу өнүгүүнүн 2013-2017-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгү өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.
Башкаруу – бул белгилуу максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ынгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.
Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттеринин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми. Эффективдуу пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдуу болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органында анын максатын гана аныктабастан, Мыйзамдын негизиндеги анын формасын да кошо камтыйт.
Стратегиянын негизги багыттары:
Бул өнүгүүнүн социалдык-экономикалык программасы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат жана төмөнкү багыттарды иштеп чыккан:
- Айыл жашоочуларынын жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.
- Аял жана эркектердин тен катышуусу аркылуу ишке ашкан маселелерди изилдеп тактоо.
- Айыл жашоочуларынын негизги керектоолорун изилдеп үйрөнүү.
Стратегиянын принциптери:
- Райондук, аймактык, улуттук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттары менен айкалыштыруу;
- Көк-Жар айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка туруштук бере алган, стабилдүү жогорулаган экономика түзүүчү багыттарды аныктоо, жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чарбаны жана экономиканы эффективдүү башкаруу ыкмаларын аныктоо;