Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-августу № 1
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтын кошумча тизмегинин долбоорун даярдоо үчүн айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын сунушун карап чыгып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын муниципалдык кызмиаттын кошумча тизмеги боюнча сунуштаган долбоору бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Муниципалдык кызматтын кошумча тизмеги боюнча айыл аймагында керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Сары-Ой айыл аймагынын Мандат экономикалык пландоо курулуш байланыш,айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Нааматбеков |
| Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин YI чакырылышынын ХХYIII сессиясынын ХХIII/I токтомуна №1 тиркеме 1.08.2016-ж. М.Нааматбеков. |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Шарттар |
1. | Таланттуу балдардын спорттук мелдештерге жана окуу олимпиадаларына катышуусун жарым жартылай каржылоо | Акысыз |
2. | Жарандардын социалдык жактан аярлуу категеориясын көмүр менен жарым жартылай камсыздоо | Акысыз |
3. | Баатыр энелерге жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү | Акысыз |
4. | Кыш мезгилинде карышкырларды атууну уюштуруу | Акысыз |
5. | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга маалымат берүү | Акысыз |