Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/4
Баткен шаардык Кеңешинин жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 8-пункутуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 18-мартында 4-чакырылыштын №12 токтому менен бекитилген «Баткен шаардык Кеңешинин жобосуна» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү мыйзамынын жаңы радакциясына ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Баткен шаардык Кеңешинин жобосу” жаңы редакцияда иштелип чыгылган жобосу, толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Баткен шаардык Кеңешинин жаңы редакцияда кабыл алынган жобосу шаар калкына шаардык “Өрүк зар” газетасы аркылуу аркылуу жеткирлсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2017-жылдын «17» марттагы № 01-10/4 токтому менен бекитилген |
Баткен шаардык Кеңеши жөнүндө
I.Жалпы жобо
II. Негизги максаты жана иш чарасы
III.Укуктары жана милдеттери
IV.Баткен шаардык Кеңешин реорганизациялоо жана ликвидациялоо
1.Жалпы жобо
1.1.Баткен шаардык Кеңеши –шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
-Шаардык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруунун добуш берүү менен шайлануучу 31 депутаттардан турат.
1.2.шаардык Кеңеш – шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү орган.
Баткен шаардык Кеңешинин юридикалык адреси:
720100, Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46
1.2.Шаардык Кеңеш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, шаар аймагына тиешелүү маселелерди кароого жана тотком түрүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
1.3.Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кенештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикаснын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
1.4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык Кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында жашыруунун добуш берүү менен депутаттардын ичинен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
1.5.шаардык Кеңештин аппараты- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бекитилген штат бирдигинин чегинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык конкурсттук негизде кабылданат жана КР Эмгек Кодесине ылайык бошотулат