Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 1/1-7
“Талас шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесинин 11- пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы биринчи уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламенти кабыл алынсын.(тиркелет)
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Тууганбаев |
БЕКИТИЛГЕН
| Талас шаардык кеңешинин 09. 02.2017-жылдын № 1/1-7 сандуу токтому менен Төрага М.Есенкулов |
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин
Регламенти
БӨЛҮМ I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1-бап. Депутаттардын шаардык кеңеши
2-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин компетенциясы
БӨЛҮМ II. ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНЫ.
3-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары.
4-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин жооптуу катчысы.
5-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин убактылуу жана туруктуу комиссиялары
6-бап. Фракциялар жана Фракциялардын коалициясы.
БӨЛҮМ III. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.
7-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин биринчи сессиясы.
8-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин ишин пландаштыруу.
9-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби.
10-бап. Депутаттардын шаардык кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби.