Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2017-жылдын 24-январы № 6
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун эске алуу жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын “айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосун жана КРнын ЖӨАБ боюнча Мыйзамынын тиешелүү беренелерин жана Кеңештин Регламентин жетекчиликке алып, Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2. Туруктуу комиссиялардын иш пландары бекитилсин жана ар бири түзүлгөн иш пландар боюнча эл кызыкчылыгын эске алып Мыйзамдар (Регламент) чегинде чыгармачылык менен тынымсыз иштөө милдеттендирилсин. (тиркелет)
3. Туруктуу комиссиялардын сапаттуу иш алып баруусу үчүн алардын сураган суроо талаптарына жоопторду, маалыматтарды камсыз кылып, тиешелүү бардык шарттарды түзүп берүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Туруктуу комиссиялардын иштөөсүн (жалпы жоопкерчилик) координациялоо Кеңештин төрагасынын орун басарына жана Кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |
| Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-январындагы № 6 токтому менен бекитилген |
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 2017-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
I. Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт | Эскертүү |
I | Биринчи квартал |
|
|
|
1. 2. 3. 4. 5. | Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын, регламентин кабыл алуу, туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү. Турак жай комиссиясын бекитүү. Үйлөрү өрттөнгөн адамдар маселеси | Январь | Төрага, жооптуу катчы, айыл өкмөт башчы. | Төрага маалымат, түшүндүрмө берет. Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
1 | Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү | Февраль | Бюджет комиссиясы. | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
2 | Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү | Февраль | Бюджет комиссиясы. | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
3 | Кызыл-Тоо айылдык аймагында калкты электр энергиясы, маалымат жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуунун абалы | Февраль | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Электрик, айыл башчылардын маалыматы зарыл |
4 | Ар түрдүү маселелер (штаттык бирдик) | Февраль |
|
|
II | Экинчи квартал |
|
|
|
1 | Кызыл-Тоо айылдык аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана айыл башчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө | Апрель | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия | Айыл башчылар |
2 | Билим берүү мекемелеринин окуу, тарбиялык жана башка, чарбалык алып барган иштери жөнүндө (Бардык мектептер жана бала бакчалар) | Апрель | Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Мектеп директорлору, завхоздору (чарба жетекчилери), бала бакча жетекчиси. |
3 | Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин абалы | Апрель | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия; Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар |
4 | Жайыт комитетинин 2016- -жылдагы бюджеттик отчетун, 2017-жылга бюджеттик планын бекитүү | март | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Жайыт комитетинин төрагасы |
III | Үчүнү квартал |
|
|
|
1 | Социалдык тармак боюнча аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жонундо | июль | Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Мектеп директорлору, завхоздору (чарба жетекчилери), бала бакча жетекчиси |
2 | Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө | июль | Бюджет комиссиясы... | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет |
3 | соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктар жөнүндө | июль | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; Бюджет комиссиясы | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет. Салык кызматкери. |
4 | Түрдүү маселелер |
|
|
|
IV | Төртүнчү квартал |
|
|
|
1 | Айыл өкмөттүн башчысынын жылдык отчету | октябрь | Мыйзамдуулук, укук коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, этика жана мандаттык комиссия тармактары боюнча туруктуу комиссия;
Билим берүү, маданият, жашатар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар |
2 | Айылдык Кеңештин ушул мезгилге чейин кабыл алган чечимдеринин аткарылуу деңгээли | Октябрь | Мыйзамдуулук, укук коргоо, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Катчы |
3 | Жайыт комитетинин 2017- -жыл үчүн ушул мезгилге чейинки киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | Октябрь | Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия, | Жайыт комитетинин төрагасы |
4 | Түрдүү маселелер | Октябрь |
|
|