Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 3
Могол айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2017-жылга түзүлгөн иш-пландарын бекитүү
Могол айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2017-жылга түзүлгөн иш-пландарынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.
3. Могол айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2017 -жылга түзүлгөн иш-пландары № 2,3,4,5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Иш-пландарынын аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |
| Тиркеме № 1 |
Могол айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу иш пландардын мазмуну | Убактысы | Ким даярдайт |
1 | 1. Могол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы жана 2017-жылга түзүлүшүн, 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү. 2. Могол айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү. 3. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү 4. Айыл аймагынын 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү. |
I-кв |
Депутаттык топ |
2 | 1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу |
II -кв |
Депутаттык топ |
3 | 1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө. |
III -кв |
Депутаттык топ |
4 | Могол айыл аймагынын 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу.
|
IV- кв |
Депутаттык топ |
| Тиркеме № 2 |
Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата
Иш планы
№ | Каралуучу иш пландар жана мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Кимдер даярдайт |
1 | 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылан карата иш чараларды өткөрүлүшүнүн абалын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
2 | Жаштарга билим берүү жана жаштар менен иш алып баруу чаралары | 1-5-9 айларда | Депутаттык топ |
3 | Калктын саламаттыгын сактоо жугуштуу оорулардын алдын алуу | 2-3-4-9 айларда | Депутаттык топ |
4 | Мектептердин кезектеги ремонтун жүргүзүү, шашке чай берүү абалын текшерүү | 2-4-9-10 айларда | Депутаттык топ |
5 | Жаштар арасында миграцияны азайтуу жана жумуш ордун түзүү чаралары | 2-4-9-10 айларда | Депутаттык топ |
6 | Айылдык кеңешинин аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелердин кышка даярдыгын көрүү | 9-10-11 айларда | Депутаттык топ |
7 | Электр тармактары боюнча жана байланыш бөлүмдөрүнүн иштөө абалын кароо. | 2-7-12 айлар | Депутаттык топ |
8 | Электр энергиясын эсептөө жана акчасын төлөөнү почта бөлүмүнө которуу боюнча иш алып баруу. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
9 | Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлердин социалдык абалын кароо, билим денгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларын кароо, маданият мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишин жана иштоо тартибин кароо. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
10 | Калктын саламаттыгын сактоо боюнча балдарга жугуштуу ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү абалы | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
11 | Жаштар арасында спорттук мелдештер, маданият иш чараларды уюштуруунун жүрүшү жөнүндө | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
12 | Жакыр жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жана аларга берилүүчү жөлөк акча материалдык жардамдардын берилүүсүнүн абалын кароо | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
13 | Жаш үй-бүлөлөргө там арка жер аянтын бөлүп берүүнү кароо | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
14 | Той жана өлүмдөрдөгү ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жоюу жана жөнгө салу, | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
15 | Гуманитардык жардамдарды крийтерийге ылайык берилүүсүн көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
16 | Окубай жүргөн балдарды мектепке тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
17 | Тоголок жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген абалы оор болгон балдардын абалын кароо. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
18 | Айыл аймактын ички жолдорун оңдоо иштерине көзөмөл жүргүзүү | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
19 | Ижара акы менен бирге социалдык төлөмүн төлөө шарттарын түзүү жана ишке ашыруу. | Жыл ичинде | Депутаттык топ |
| Тиркеме № 3 |
Могол айылдык Кеңешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча Могол айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата
Иш планы