Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1
Айылдык Кеңештин XXX сессиясында 21.11.2016-жылы кабыл алынган регламенттин негиз кылып, айылдык Кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин регламенти толуктоолор жана өзгөртүүлөрү менен №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 27 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаңыдан шайланган айылдык Кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| №1-тиркеме Айылдык Кеңештин 09.01.2017-жылдагы I-сессиясында №1-токтому менен бекитилди. |
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ленин айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1)айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3)айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4)туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу;
5) мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген,өткөрүлүп берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыга үчүн аким тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маслелени кароо;