Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № XX-3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2015-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет,финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2015-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаментинин мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын көлөмү 2015-жылга 1 367,2 миң сомго, аткарыла турган жумуштарга 7 639,0 миң сом, жалпысы болуп 9 006,2 миң сомго бекитилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципиалдык менчик департаментинин 2015-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 8906,4 миң сом эсебинде №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Муниципиалдык менчик департаментинин жаныдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2015-жылдын жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик департаментинин финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик департаментинин эсепчиси Н.Абдурахмановке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы кезектеги IV чакырылыш XX сессиясынын №XX-3 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаар мэриясында 2015-жылга карата аткарыла турган жумуштарга бөлүнгөн акча каражаттарынын тизмеси
К. № | Аталыштары | суммасы |
1 | Мэриянын имаратынын айланасын көрктөндүрүү жана кичи ремонтуна | 150,0 |
2 | Тапвалдыев, Жакыпов, Камарова, Чехов,Тайлаков,Таштак Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жолдорун өздүк салым менен асфальттоого | 3000,0 |
3 | Какыр-Сайдагы акыр-чикир төгүлүүчү жайды тосуу | 109,0 |
4 | Абдумаликов көчөсүнө көпүрө куруу | 170,0 |
5 | Абдуллаев көчөсүнө латок орнотуу | 120,0 |
6 | Кара-Турпак участкасынын жолдоруна шагыл төшөө | 210,0 |
7 | Маршрутка жүрүүчү жолдорго атайын «Белгилерди» орнотуу | 60,0 |
8 | Боз үй сатып алуу | 150,0 |
9 | Кара-Турпак кварталынын ички арыктарын ондоо | 70,0 |
10 | М.Эргешов,С.Алимбаев көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөргө 4 ачкалуу 3 туалеттерди курууга | 420,0 |
11 | Мэриянын отканасына | 2200 |
12 | Барын участкасына «КТП 400» орнотуу | 430,0 |
13 | Мал базар участкасынын көчөлөрүнө шагыл төшөө | 250,0 |
14 | МЧС тарабынан курула турган Бостон-К.Турпак көпүрөсүнө өздүк салым. | 100,0 |
15 | Өлгөн мал жана ит-жандыктарды көмүү үчүн «Яма-Беккер» жасоого | 100,0 |
16 | Көп кабаттуу үйлөргө септик жасоого | 100, 0 |
17 | ЖАЛПЫСЫ : | 7639,0 |