Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-июну № 292-б
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу ниеттери жөнүндө каттын тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлиги,
кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укуктук тартипти коргоо, адамдын укугун жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу чөйресүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн моюнга алуу менен,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча эки жактын тең каалоосуна жараша,
ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизденип төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерди сактап, өз компетенцияларынын чегинде аракеттенүү менен ушул Ниеттер жөнүндө каттын жоболоруна ылайык кызматташат.
2-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кылмыштардын, айрым алганда төмөнкүдөй кылмыштардын алдын алууда, табууда, бөгөт коюуда жана ачууда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:
- адамдын жашоосуна, саламаттыгына, эркиндигине жана аброюна каршы;
- террористтик актыларды;
- жеке менчикке каршы;
- коррупция жана уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүн;
- адамдарды сатуунун;
- курал-жаракты, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жардыруучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, ядролук куралды мыйзамсыз жүгүртүунүн;
- баңги заттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн;
- адамдын органдарын жана ткандарын мыйзамсыз сатуунун;
- интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу менен байланышкан;
- транспорт'тогу;
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндегү;
- мыйзамсыз миграция менен байланышкан.
3-берене
Тараптар ошондой зле төмөндөгү багыттар боюнча өз ара аракеттенишет:
- коомдук тартипти коргоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
- илимий-изилдөө иштери, маалыматтык жана телекоммуникациялык тутумдарды өнүктүрүү, каражаттарды жана байланыш тутумдарын, атайын каражаттарды, техниканы жана жабдууларды ишке киргизүү жана пайдалануу;
- спорттук жана маданий мамилелерди өнүктүрүү;
- мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларды алмашуу;
- Тараптардын макулдашуусу боюнча ар кандай илимий жана техникалык маалыматтарды алмашуу.
4-берене
Ушул Ниеттер жөнүндө кат кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттарын жана формаларын аныктоодо жана өнүктүрүүдө Тараптарга тоскоолдук кылбайт.
5-берене
Эгерде Тарап суроо-талапты аткаруу анын мамлекетинин эгемендигине, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартипке же башка улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирет же анын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына, же эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп божомолдосо, суроо-талап жиберилген Тарап ушул Ниеттер жөнүндө каттын алкагында көмөк көрсөтүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн.
Суроо-талап жиберген Тарап баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен суроо-талапты аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартуу гууралуу кат жүзүндө кабарланат.
6-берене
Тараптар алдын ала кат жүзүндөгү макулдукту кошпогондо, үчүнчү жакка берүүгө болбой турган ез ара алмашылып жаткан маалыматтардын купуялыгын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт.
7-берене
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Ниеттер жөнүндө катты аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды өз мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрүшөт.
8-берене
Тараптар ушул Ниеттер жөнүндө каттын негизинде кызматташтыкты жүзөгө ашырууда англис тилине которуу менен кыргыз жана араб тилдерин пайдаланышат.
9-берене
Ушул Ниеттер жөнүндө каттын алкагында Тараптардын кызматташтыгы боюнча иш-чараларды координациялоо кыргыз Тараптан -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эл аралык кызматташтыкка жооптуу бөлүмүнө, катар Тараптан - Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгына жүктөлөт.
Зарыл учурда Тараптар ушул Ниеттер жөнүндө каттын жоболорун аткаруу максатында түздөн-түз байланыштарды жана ортодогу байланыш каналдарын белгилей ала турган өздөрүнүн адистештирилген ыкчам белүмдөрүн аныкташат.
10-берене
Ушул Ниеттер жөнүндө каттын жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
11-берене
Ушул Ниеттер жөнүндө кат Тараптарды кандайдыр бир юридикалык, финансылык, келишимдик милдеттерге милдеттендирбейт.
12-берене
Ушул Ниеттер жөнүнде кат кол коюлган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Ушул Ниеттер жөнүндө катка Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болгон жана өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
шаарында - жылдын " эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде даярдалды, баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Ниеттер жөнүндө катты чечмелеөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
| Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлиги үчүн
|