Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 23/1
Өзгөрүш айылындагы бала бакчаны толук капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаты К.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айыл аймагынын айылды Кеңешинин XXVI шайланган кезекесиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылындагы бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча комиссия түзүлсүн (комиссиянын курамы тиркелет).
2. Түзүлгөн комиссия жеринде барып көрүп, өзүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү иш-кагаздарын айыл өкөмтүнө сунуш кылышсын.
3. Өзгөрүш айылындагы бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүүнү уюштуруу жагы Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Бердигуловго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Молоев |
|
Депутаттардын Талды-Суу айылдык Кеңешинин токтомуна тиркеме
|
К.Бектуров- комиссиянын төрагасы Талды-Суу айыл аймагынын соц.адиси
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. К.Жумабаев - Айылдык Кеңештин депутаты
2. И.Исмаилов - Айылдык Кеңештин депутаты
3. К.Баялиев - Өзгөрүш айылынын тургуну
4. Н. Дайыргазы у. - Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери
5. Т.Курманбаев - Өзгөрүш айылынын башчысы
6. А.Чукулуков - Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси