НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 10-декабры № 7
Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун “Жобосун” бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы “Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун” эрежесин (Жобосун) долбоорун бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине сунуш кат менен кайрылган. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан Нарын шаарында мал көп баккан Чыгыш, Москва, Батыш аймактарында 2015-жылдын август айларында эл менен коомдук угуулар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлгөн.
“Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун” эрежесин (Жобосун) бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун “Жобосу” бекитилсин.
2. Нарын шаарында мал кармап багуунун “Жобосун” Нарын облустук телеберүүсүнө жана “Теңир –Тоо” коомдук саясий гезитине жарыялоо шаардык мэрияга, шаардык жашылдандыруу мекемесине тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |
|
Нарын шаардык Кеңешинин 10-декабрь 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги XXVII сессиясынын № 7- токтомуна тиркеме
|
Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун
Ж О Б О С У
Мал кармап багуунун тартиби, шарттары:
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын укугу:
- Шаар тургундары менчик мал (түрүнɵ карабай) кармап, багууга;
- Баккан малын базарларда тирүүлɵй же эт түрүндɵ макулдашылган баада сатууга;
- Турмуш-тиричилигине байланыштуу шаардын аймагынан алып чыгууга, алмаштырууга жана бирɵɵлɵргɵ тартуу кылууга;
- Мамлекеттик ветеринардык кызматтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарда пайдаланууга.
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын милдеттери:
Кармап баккан малдарын (түрүнɵ карабай) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан (кварталдык комитет, стат, ветеринар ж.б.) каттоодон ɵткɵрүп турууга;
- Мал багуунун санитардык - гигиеналык шарттарын туура сактоого;
- Малды жайкысын жайлоого чыгарууга же шаардын сыртына кайтарып багууга;
- Жыл бою шаарда баккандар малды короого кармап багууга;
- Малдын кыгын жана чɵп-жеминин калдыктарын чыгарып шаар ичин булгабоого жана мал ээлери калдыктарды, таштандыларды чыгаруу үчүн Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы менен келишим түзүп, келишимдин негизинде «Карга-Жайлоо» таштанды тɵгүүчү жайга тɵгүүгɵ:
- Турмуш тиричилик таштандылары чогултулган жана тɵгүлгɵн жайларга малды киргизип жибербɵɵгɵ;
- Кɵчɵлɵрдүн жээктеринде, тротуарларда, парктарда, скверлерде, газондордо жана башка шаардыктар жана шаардын коноктору эс ала турган жайларда малды жайбоого;
- Суу колонкаларында, фонтандарда жана башка коомдук жайларда малды сугарбоого;
- Шаар ичине малды кароосуз айдап жибербɵɵгɵ;
- Ветеринардык-санитардык кызматтардын справкалары жок малды кармабоого, сатпоого, алып келбɵɵгɵ жана шаардан чыгарып кетпɵɵгɵ;
- Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жɵнүндɵ» Мыйзамынын 23, 26, 27, 35-беренелерине ылайык мал ээлери мал күтүүдɵ аларга тиешелүү шарттарды түзүүгɵ, тоюттандырууга жана асыроого;
- Сатылып алынып келинген, же тартууга ыйгарылган малдарды дароо кварталдык комитетке жана ветеринардык органдарга кабарлоого жана малдарды тоюттандырууга, ден соолугу жана башка кɵрүнүштɵр тууралуу маалымдап турууга;
- Малды маал-маалы менен тиешелүү эмдɵɵлɵрдɵн милдеттүү түрдɵ ɵткɵрүп турууга жана ооругандарын ɵз убагында дарылатууга.
Шаарда мал кармап багуунун шарттарын бузгандар үчүн кɵрүлүүчү чаралар:
- Шаардын аймагында мал кармап багуунун шарттарын бузган, малды шаар ичине кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган жана тиричилик таштандыларында жүргɵн мал шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан сунушталган атайын аймактардагы короолоруна камалып, алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жɵнүндɵ» кодексинин жана Нарын шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги XXVI чакырылыштагы кезектеги XII сессиясынын №4 токтомуна ылайык чаралар кɵрүлɵт.
- Шаар аркылуу малдарды айдап ɵтүүчү жолдор Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын 5-июлундагы №138-б буйругуна ылайык иш алып барылат.
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси-жоопту катчы
|
А.Абдыкеримов
|