Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыштагы 20-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-апрели № 171

Талды булак жайытын толук пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын № 7-беренесине ылайык  жана Салам-Алик ЖПБнин 2015-жылдын 13-февралындагы жалпы жыйынынын №1 протоколунун чечимине байланыштуу, Жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Талды-Булак жайыты Кызыл-Чарба айылынын жайыт пайдалануучуларына убактылуу пайдаланууга берилсин.

2. Жайыттын сыйымдуулугун эске алуу менен жайытты туура пайдалануу жана көзөмөлдө жагы «Салам-Алик Жайыт комитетине» милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, мйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.

 

Төрага

А.Таштемиров