Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-23
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, алардын ичинен өзгөчө мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн көтөрүү жана чечүү үчүн түзүлгөн Коомдук Кече кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, алардын ичинен өзгөчө мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн көтөрүү жана чечүү үчүн түзүлгөн Коомдук Кече кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө “Мехр-Шавкат” коомдук уюмунун жетекчиси М. Тилавалдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, алардын ичинен өзгөчө мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн көтөрүү жана чечүү үчүн түзүлгөн Коомдук Кече кеңешинин жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча
Төрага | Б.Маннанов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
4-чакырык 19-сессиясынын
№19-23 токтому менен бекитилген
1. Коомдук Кеңеш – (мындан ары Кеңеш) аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коом, Миграция министрлигинин райондук бөлүмдөрү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен миграция саясатын ишке ашырууга биргелешип аракет жасоо максатында түзүлөт.
2. Коомдук Кенеш - Ош областынын Араван районунун аймагындагы эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жана алдыга жылдырууга Араван районунундагы жергиликтүү жамааттар, бизнес өкүлдөрү, билим берүү мекемелери, жарандык коом, жергиликтүү бийлик органдары жана райондук мамлекеттик администрациялар конструктивдүү биргелешип аракеттенүүсүнө негизделген акылдашуучу-консультативдик орган болуп саналат. Коомдук Кенештин чечими жыйынтыктоо, сунуштоо жана кайрылуу формасында рекомендациялоочу мазмунду алып жүрөт.
3. Кенештин ишмердүүлүгүндөгү укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Эл аралык укуктардын жалпыга тиешелүү принциптери жана нормалары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, КРнын Президентинин Указдары жана КРнын Өкмөтүнүн Токтомдору, КРнын эмгек, миграция жана жумуштуулук министрлигинин нормативдик укуктук актылары, буйруктары, ошондой эле ушул жобо түзөт.
4. Коомдук Кенеш ыктыярдуулук, өз алдынча башкаруу, ачык-айкындуулук, өз компетенциясындагы маселелер боюнча чечим кабыл алууда өз алдынчалуулук принциптеринде иш алып барат. Коомдук Кенештин ишмердүүлүгү жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарынын ар кандай социалдык жана маданий өзгөчөлүктөрүнө карап, мыйзамдуулук, гумандуулук, адам укуктарын сыйлоо принциптерине негизделет.
5.1. Жергиликтүү деңгээлде эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын эффективдүү коргоо жана алдыга жылдыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын социалдык өнөктөштүгүн күчөтүү.
5.2. Араван районундагы пилоттук айылдардын аймагында миграциялык саясатынын эффективүү болушу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.
5.3. Коомдук бирикмелердин демилгелерин, ошондой эле миграциядагы татаал маселелерин чечүүгө байланыштуу, социалдык жана башкаруучулук демилгелерин кароо.
5.4. Аныкталган аймактагы эмгек мигранттарынын укуктарын алга жылдыруу жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
5.5. Бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен эмгек мигранттарынын миграцияга чейинки сапаттуу жана милдеттуу даярдыгында чогуу аракеттерди жасоо.
5.6. Эмгек мигранттары үчүн социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү жана регионалдык органдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жана коомдум мониторинг жүргүзүү.
5.7. Кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдуулук чөйрөсүндө мигранттардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн юридикалык жана агартуучулук жардамдарды көрсөтүү.
5.7. Эмгек мигранттарынын жөнөтүүчү коомчулуктарга кайтып келүүсүнө чейинки жана кийинки учурларында ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн кызыккан тараптардын биргелешкен аракеттерин күчөтүү.
• Укуктук колдоо көрсөтүү үчүн мигранттардын үй-бүлөлөрүн аныктоо.
• Мигранттардын үй-бүлөлөрүн графике ылайык кабыл алуу.
• Маалымдоонун жардамы менен мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу.
• Мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо сапатына мониторинг жүргүзүү.
• ЖБОнын (жергиликтүү башкаруу органдары) жыйындарына, тегерек столдоруна катышуу, ЖБО менен кызматташуу.
• Өз аймагынын бюджеттик угууларына катышуу.
• Эдвокаси-кампанияларга катышуу.
• РФдун каражаттарын ачык-айкын жана отчеттуулукта бөлүштүрүү, РФ ресурстарынын колдонулуусу жана кайтарымы үчүн көзөмөл жүргүзүү.
6.1. Эмгек мигранттары үчүн таасирдүү жардамдардын эффективдүүрөк механизмдерин колдонуу жана аткарылуусу боюнча мигранттардын жөнөгөнгө чейинки даярдыгын жана келгенден кийинки адаптацияланышын камтып сунуштарды даярдоо.
6.2. Аймактагы миграция маселелери жөнүндө обьективдүү маалымат топтоо жана анализдөө. Мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерине анализ жүргүзүү менен көйгөйлөрүн аныктоо жана чечүү жолдорун издөө.
6.3Араван районунун жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактык жана жергиликтүү мыйзамдардын дал келүүсү, улуттук мыйзамдарды эффективдүү колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо.
6.4. Миграция чөйрөсүндө элдердин күчтүү коомдук резонансты жараткан көйгөйлүү маселелерин кароого катышат жана алардын жөнгө салынышы боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
6.5. Калктын миграциясы менен байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин биргелешкен аракеттери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6.6. Миграция чөйрөсүндө пилоттук аймактардагы социалдык жана гуманитардык ишкердүүлүкту ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6.7.Миграция чөйрөсүндөгү ар түрдүү маселелер боюнча мигранттар үчүн юридикалык консультацияларды берүүгө, аларды социалдык жактан коргоого, маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоодо көмөктөшүп катышат.
6.8.Миграция маселелери боюнча ар түрдүү маалыматтык-аналитикалык материалдардын даярдалышына жана аймактагы миграция кырдаалына мониторинг жүргүзүүгө катышат.
6.9. Миграция көйгөйлөрүн ММКларда чагылдырат. 6.10.Тышкы эмгек миграциясынын маселелерин чечүүдө бей өкмөт уюмдары менен биргеликте катышат
6.11. Мигранттардын банктык которууларынын системасынын жөнөкөйлөштүрүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
6.12. Кенештин мүчөлөрү калк ичиндеги миграция маселелери боюнча коомдук маанилүү иш чараларга катышат.
6.13. Кенештин мүчөлөрүнүн индивидуалдык жумушу мигранттарга юридикалык колдоо көрсөтүү маселеси боюнча, аларга социалдык жардам, реаблитациялоо жана адаптациялоо, мигранттардын миграция чөйрөсүндө ар түрдүү маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даядоого катышуусуна, ошону менен бирге массалык маалымат каражаттарында чыгуусуна, ар түрдүү жергиликтүү жана эл аралык изилдөөлөрдү, конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды, илимий докладдарды, элдердин коомдук резонансын жараткан миграция маселелери боюнча билдирүүлөрдү уюштуруусуна жана аларды жөнгө салуу боюнча сунуштардын даярдалуусуна катышуусу үчүн жергиликтүү бийликтерге консультативдик көмөк көрсөтүү ж.б.д.у.с.
6.14. Миграция жаатындагы мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүүсүнө стандарттарды иштеп чыгууга байланышкан маселелерди кароо жана алардын аймактык жана жергиликтүү деңгээлде аткарылуусуна коомдук мониторинг жүргүзүү.
6.15. Аймактык жана жергиликтүү денгээлдеги пландардын, максаттуу программалардын иштелип чыгуусу боюнча сунуштарды даярдоого катышат.
7. Кенештин мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери.башкаруу органдары, алардын кызматтагы тараптары, муниципалдык кызматкерлер ушул Жободо камтылган алардын милдеттерин Коомдук Кенештин мүчөлөру менен биргеликте аткарат.
8. Коомдук Кенеш пилоттук райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнөн (райондун акими, акимдин орун басары), миграция, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо ж.б. башкармалыктардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жарандык коомдун, жергиликтүү коомчулуктун, активисттердин, аксакалдар, аялдар кенештеринин, Ош областынын Араван районунун бизнес өкүлдөрүнөн түзүлөт.
9. Коомдук Кенештин персоналдык курамы мамлекеттик эмес уюмдун сунушу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, миграция, социалдык жактан коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эскперт жана адистерден куралат. Кенештин курамы жана курамды өзгөртүү Кенештин төрагасынын сунушу менен жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилет.
10. Коомдук Кенеш Кенештин төрагасы, төраганын орун басары, катчысы жана мүчөлөрүнөн түзүлөт.
11. Коомдук Кенешин төрагасы жана орун басары Кенештин мүчөлөрүнүн ичинен Кенештин отурумунда шайланат.
12. Кенештин катчысы Коомдук Кенештин төрагасы тарабынан дайындалат.
13. Коомдук Кенеш ротациялык негизде иш алып барат. Кенештин мүчөлөрүнүн ичинен кайсы бирөөсү өз милдетин так аткарбаган учурда, жакынкы учурларда өткөрүлүүчү отурумда ачык добуш берүү менен кайрадан шайланышы мүмкүн.
14. Кенештин бардык мүчөлөрү өз ишмердүүлүктөрүн акысыз негизде ыктыярдуу жүргүзөт.
15. Коомдук Кенеш өз ишмердүүлүгүн ушул Жободогу милдеттери жана функшияларына ылайык жүргүзөт.
16. Коомдук Кенештин төрагасы:
16.1. Ишкердүүлуктун приоритетүү багыттарын аныктайт.
16.2. Коомдук Кеңештин иштөө планын бекитүүнү алып жүрөт.
16.3. Отурумдарды өткөрөт.
16.4. Кенештин күндөлүк ишкердүүлүгүн уюштурат.
16.5. Кенештин мүчөлөрүнүн ишкердигин координациялайт.
17. Коомдук Кеңештин төрагасынын орун басары:
17.1.Кенештин райондук акимчилик, айыл өкмөт, миграция, социалдык жактан өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо Министрликтеринин структуралык бөлүнүштөрү менен Кенештин иш алып баруусун камсыздайт.
17.2.Кенештин катчысы менен биргеликте маалымат бюллетендерин, пресс-релиздерди даярдап, ММКларга чагылдырат.
17.3. Коомдук Кенештин төрагасы жок учурда анын милдеттерин аткарат.
18. Коомдук Кенештин катчысы:
18.1. Отурумдардын протоколдорун жүргүзөт.
18.2. Коомдук Кенештин чечимдерин талаптагыдай үлгүдө жасайт.
18.3. Кенештин чечиминин аткарылышына көзөмөлдү уюштурат.
18.4. Кенештин төрагасы менен иштөө пландарын, долбоорлорду, ошондой эле отурумдардын өткөрүлүүчү жайын, күн тартибин, отурумга чакырылган тараптардын тизмесин макулдашат.
18.5. Кенештин мүчөлөрүнө бекитилген пландар жөнүндө, отурумдардын убактысы, орду, күн тартиби боюнча маалымат жеткирет.
18.6. Кенештин отурумунун тартибине киргизилген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык маалыматтарды даярдоого Кенештин мүчөлөрүнүн биргелешип катышуусун камсыздайт.
18.7. Иш жүргүзүүнү уюштурат (делопроизводство).
18.8. Кенештин чечими боюнча пресс-релиз жана ММКларга жайгаштырууга маалымат даярдайт.
19. Коомдук Кенештин мүчөлүрүнүн укуктары:
19.1. Коомдук Кенештин иштөө планына маселелерди киргизүү боюнча сунуштарды берет.
19.2. Кенештин отурумдарында докладдары менен катышат.
19.3. Талкууланган маселелер боюнча документтерди жана материалдарды Кенештин кароосуна сунуштайт.
19.4. Кенештин талкуусуна коюлган документтер жана материалдар менен таанышып, аларды даярдоо учурунда өзүнүн сунуштарын камтыйт.
19.5. Талкууланган маселелер боюнча эгер пикири Кенештин чечиминин өзгөчөлөнсө, жазуу жүзүндө үз пикирин аргументтештирип кароого сунуштайт.
19.6. Планда жок маселелер Кенештин тез арада кароосун талап кылса, кароого отурумда ал маселени кароого сунуштайт.
19.7. Эгер Кенештин мучосу отурумга катышпай калган учурда каралган маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө сунуштай алат.
20. Коомдук Кенештин отурумдары Кенештин иштөө планына ылайык, эки айда бир жолудан кем эмес, зарылчылыкка жараша өткөрүлөт. Ал эми күтүлбөгөн учурларда кезексиз отурум өткөрүлөт.
21. Кенештин чечими отурумга катышкан Кенештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш беруу аркылуу кабыл алынат. Кенештин мүчөлөрүнүн добушу бирдей болуп калган учурда – Коомдук Кенештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Кенештин чечими протоколго ылайык жасалып, Кенештин төрагасынын кол коюсу менен жазылат. Кенештин отурумунун протоколунун көчүрмөсү отурум өткөрүлгөн күндөн тартып,7 күндүн ичинде Кенештин бардык мүчөлөрүнүн таанышуусуна жөнөтүлөт.
22. Кенеш өз ишин жылдык пландын негизинде акимдин жана өкмөт башчысынын сунуштарын эске алуу менен жүргүзөт. Кенештин иштөө планы Кенештин отурумунда каралат жана бекитилет.
23. Кенеш коомдук уюмдардын айрым учурларда жеке жарандардын кайрылууларын карайт жана алар боюнча жазуу жүзүндө жыйынтык даярдайт.
24. Кенештин бир жылдык аткарган иштери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл аймактардын жылдык жыйынтыктоочу коллегиясына доклад даярдайт жана сунуштайт.
25. Кенештин ишмердуүүлүгүнүн уюштуруу-техникалык камсыздалышы, иштөө үчүн имараттын болушу, иш чараларды өткөрүүсү райондук мамлекеттик администрациялар жана айыл өкмөттөр тарабынан камсыздалат.
26. Коомдук Кенештин ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоо үчүн жана Кенеште каралган маселелердин коомчулуктун кенен чөйрөсүнө жеткирилиши үчүн, ошондой эле Кенештин ишинин жыйынтыгы үчүн массалык маалымат каражаттарына публикациялар чыгарылат.
27. Коомдук Кенештин ишкердүүлүгүн камсыздоо, укуктук, уюштуруучулук, документтештирүүчүлүк, маалыматтык, материалдык-техникалык камсыздалышы райондук мамлекеттик администрациялар жана айыл өкмөттөр тарабынан уюштурулат.