Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-августу № 8-3
Европалык Биримдик менен Бириккен Улуттар Уюмунун “Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак ниет башкарууну илгерилетүү” биргелешкен долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы административдик-аймактык Концепциясынын 1.6-бөлүкчөсүндө белгиленген “Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кол жетерлигин камсыздоону” ишке ашыруу боюнча Т.Кулатов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүү борбору типтүү жобого ылайык түзүлсүн. (типтүү жобо тиркелет).
2. Айыл өкмөтүндө борбордун иштөөсү үчүн ылайыктуу ишти уюштуруу бөлмөсү бөлүштүрүлсүн.
3. Борбордун ишмердүүлүгүн камсыздоо жоопкерчилиги тийиштүү муниципалдык кызматкерге бекитилсин.
4. Борбор аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын структуралык мекемелеринин тизмелери такталсын.
5. Борбор аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмеси түзүлсүн жана бекитилсин.
6. Борбор аркылуу көрсөтүлүүчү кошумча кызматтардын тизмеси түзүлсүн жана бекитилсин.
7. Кызмат көрсөтүү борборунун жалпы ишмердүүлүгүн камсыздоо Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко милдеттендирилсин
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |
|
|
|
|
Тиркеме
Айыл кеңешинин 23 - августундагы
№ 83 токтому менен бекитилсин
Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын көп функциялуу борбору жөнүндөгү ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Айыл аймагынын базасында Мамлекеттик жана муннципалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн көп функциялуу борбору жөнүндөгү типтүү жобо (мындан ары - Жобо) калкка коом үчүн маанилүү болгон тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча Кеп функциялуу борборлордун (мындан ары - ККБ) жаңа айыл өкметүнө караштуу уюмдардын түзүлүшү жана ишмердүүлүтүн уюштурулушу маселелерин аныктайт.
ККБ юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ';Бир терезе" принциби боюнча керектүү жабдуусу, эмереги бар бир эле жайда аймактык аткаруучу бийликтин органдары, уюмдары жана мекемелери менен өз ара аракеттешип, мамлекеттик жана муннципалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлөт.
ККБ жергиликтүү кеңеш менен макулдашылып, жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан түзүлөт.
1.4.Өз ишмердүүлүгүндө ККБ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз .алдында башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамын, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартибй жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамын, айыл аймагынын жергиликтүү ченемдик укуктук актыларын, Жергиликтүү коомдоштуктун уставын жана бул Жобону жетекке алат.
2. ККБни түзүү максаттары
2.1. Айыл аймагында Борборду түзүү максаты - "бир терезе" принцибинин турмушка ашырылышынын эсебинен жарандарга жана юридикалык жактарга коом үчүн маанилүү мамлекеттик жана муннципалдык тейлөө кызматгарын көрсөтүү процедурасын жөнекөйлөштүрүү, ошондой эле калктын социалдык жактан жармач катмарларынын (балдар, жаштар, аялдардын) ошол кызматтарга тен жетишин камсыз кылуу.
3. ККБни түзүү милдеттери
3.1.-ККБни уюштуруунун негизги милдети - бул жарандарга жана юридикалык жактарга тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө керектүү документтерди бир эле жерден кабыл алуусун, каттоосун жана колуна тапшыруусун уюштуруу.
3.2. ККБнин "Бир терезе" принцибин турмушка ашыруу милдетгерине төмөнкүлөр кирет: 1. Мамлекеттик жана мунципипалдык тейлөө кызматтарын керсетүү процедурасын жөнөкөйлөтүү жана синхрондоштуруу. - 2. Тейлөө кызматтарынын көрсөтүү убактысын кыскартуу. 3. Тейлеө кызматтарынан пайдаланууга ыңгайлуу шарттарды түзүү.
3.3.2. 1-милдет. Мамлекеттик жана муннципалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүү
процедурасын женөкөйлөтүү жана синхрондоштуруу
1-милдетти аткаруу төмөнкүдөй багыттар боюнча иштерди талап кылат:
- Ведомстволор аралык маалыматтык жана иш кагаздар боюнча өз ара аракеттешүү системасын уюштуруу;
- Тейлөө кызматынын түрүнө жана аны көрсөтө турган уюмдарга карабастан, тейлөө кызматын көрсөтүү процедурасын жөнекөйлөтүү;
- Жарандарды жана юридикалык жактарды ККБдеги тейлөө кызматтары жана алардан пайдалануу шарттары жана ыкмалары тууралуу маалымдоо;
- ККБнин ишинин түрдүү багыттары боюнча маалыматтарды жана консультация берүү.
3.2.2. 2-милдет. Тейлөө кызматтарын көрсөтүү мөөнөтүн кыскартуу 2-милдетти аткаруу төмөнкүдөй багыттар боюнча иштерди талап кылат:
- Тейлөө кызматтарынан пайдалануу үчүн документтерди калыпка келтирүүгө кеткен убакытты азайтуу;
- Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынан пайдалануу үчүн документтердин санын кыскартуу;
- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
структуралык бөлүмдөрүнүн ортосундагы келишимдердин негизинде ушул органдар тарабынан билдирүүсүн (аразын) тапшыргандар үчүн тейлөө мөөнөтүн оптималдаштыруу.
3.2.3. 3-милдет. Тейлөө кызматтарынан пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү 3-милдетти аткаруу төмөнкүдөй багыттар боюнча иштерди талап кылат:
- Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын структуралык бөлүмдөрүнө баруу санын кыскартуу;
- Жарандардын жазуу жана оозеки түрүндөгү кайрылууларын жана билдирүүлөрүн Дарыздарын) кабыл алуу жана иштетүү;
- Айыл аймагы жана район деңгээлинде чечимдерди кабыл алуучу адамдарга калктын муктаждыктарын жиктөө (классификациялоо) жана жеткирүү;
- ККБ жайын жабдуу (столдор, отургучтар, кагаз ж.б. менен).
3.3. -Эгерде тейлөө кызматтарынан пайдалануу билдирүүсүн тапшырган адам мамлекеттик органдын жана ЖӨБдүн бир нече структуралык бөлүмдөрүнө бара турган болсо, анда иш төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт:
- Билдирүүсүн тапшырган адам ККБге эки жолу келет. Биринчи жолу - тейлөө кызматынан пайдаланууга керектүү документтерди тапшыруу үчүн. Экинчи жолу -керектүү документтердин толук пакетин алуу үчүн.
4. Айыл аймагында ККБнин ишмердүүлүгүн уюштуруу
4.1. ККБнин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан жабдылган (телефондор, компьютерлер, маалыматтык стенддер, ТУ, жарык табло ж.б. менен жабдылган) өзүнчө бир жай (бөлмө) берилет.
4.2.ККБде түзүлгөн график боюнча калкты кабыл алуу айыл өкмөтүнүн квалификациялуу адистери тарабынан өткөрүлөт. Аларга айыл өкчөтүнүи башчысы тейлөө, кызмат көрсөтүү функциясын жүктөйт. Ошондой эле кабыл алууну калкка эн эле маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү райондук тармактык структуралардын өкүлдөрү өткөрүшөт.
4.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин бирин ККБнин иштешине жооптуу кылып дайындайт.
4.4. Калкка көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын жөнөкөй түрлөрү (мисалы: түрдүү маалымдамаларды берүү) айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жөнөкөй күндөрү да, айыл өкмөтү иштеп турган сааттарда да берилиши мүмкүн.
4.5. Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө аткаруучу бийликтин аймактык органдары менен түрдүү уюмдардын өз ара аракеттешүүсү айыл өкмөтүнүн башчысы менен райондук деңгээлдеги органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндөгү макулдашууларга ылайык турмушка ашырылат.
4.6. ККБнин базасында бир нече уюм катышкан мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматы көрсөтүлсө, анда айыл өкмөтүнүн башчысы менен тейлөө кызматын көрсөтүү келишимин документтерди кабыл алуучу жана аягында керектүү документти бере турган орган түзөт.
4.7. Алыскы жана административдик-аймактык бирдик болбогон айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ. Аларды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
4.8. ККБ мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын тизмесин, алардын баасын же бекер көрсөтүлүшүн басып чыгарууну жана бөлмөдө жайгаштырылышын камсыз кылат;
4.9. ККБ мамлекеттик тейлөө кызматтынан пайдалануу үчүн керектүү документтердин кабыл алынышын, документтердин алгачкы иштетилишин жана мамлекеттик же муниципалдык тейлөө кызматынан пайдалануунун натыйжасын тапшырууну уюштурат;
4.10 ККБ мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүүгө катышуучу аткаруучу бийликтин тиешелүү аймактык органдарына, уюмдарына керектүү документтердин жеткирилишин жана алардан мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөнүн натыйжаларынын алынышын уюштурат.
4.11. ККБнин ыйгарым укуктуу кызматкери:
- билдирүүлөрүн (арыздарын) тапшыргандардан тийиштүү билдирүүлөрдү (арыздарды), мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынан пайдалануу үчүн керектүү башка документтерди кабыл алат;
- билдирүү тапшыргандардын документтеринин толук болушун текшерет, тапшырылган документтердин тизмесин документтерди тапшырган адамга берет жана алардын сакталышына толук жооп берет;
- билдирүүлөрдү (арыздарды) тапшыргандардын кайрылууларын каттайт;
- документтердин айланышынын эрежелерине ылайык каттоодон өткөрүп, аныкталган мөөнөттөн кечиктирбей, билдирүүнү (арызды) жана билдирүүнүн ээси берген документтердин пакетин айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү бийликтин аймактык органына өткөрүп берет;
- билдирүүнүн (арыздын) ээсине суралган документти же негиздүү баш тартуу документин колуна тапшырат.
4.12. ККБнин ыйгарым укуктуу кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
- тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык тейлеө кызматынан пайдалануу үчүн тапшырылып жаткан документтер комплектиси талаптарга туура келбеген учурда билдирүүнүн (арыздын) ээсинин билдирүүсүн (арызын) жана документтер пакетин алуудан баш тартууга;
-ведомстволор аралык кызматтан пайдалануу үчүн тапшырылган билдирүү же документтер Тпакети билдирүүнүн (араздын) ээсинин паспорту же суралып жаткан документтерди алууга укугун тастыктаган документ көрсөтүлбөсө, билдирүүнүн ээсинен билдирүүнү жана документтер пакетин кабыл алуудан баш тартууга.
4.13. ККБнин курамындагы калккатейлөө кызматын көрсөтүүге тартылган уюмдар:
- калкка тейлөө кызматын көрсөтүүдө, керек болгон учурларда, жарандар менен өз ара аракеттешүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу кызмат адамдардын ККБде болушун камсыз кылышат;
- билдирүүнүн (арыздын) ээсине суралган документти же документ берүүдөн баш тартуунун себептерин камтып, негизделген баш тартуу кагазын; тейлөө кызматын көрсөтүү стандартына, укуктук ченемдик актыларына жана макулдашууларга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык тейлөе кызматын көрсөтүүнү мүмкүн кылбаган шарттарды жоюу сунуштарын даярдашат;
- ККБнин кызматкерлеринин керектүү маалыматтар базасына, анын ичинде электрондук маалыматтар базасына жетүүсүн камсыз кылышат;
- даярдалган документти же негиздүү баш тартуу кагазын ККБге өткөрүп беришет;
- Бул типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнү жана милдеттердин чечилишин камсыз кылышат.
4.14. Ведомстволор аралык тейлөө кызматтарын көрсөтүү алкагындагы документтерди кароо жана колго тапшыруу тиешелүү ченемдик укуктук актыларда, келишимдерди көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында жүргүзүлөт.
5. ККБнин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү
5.1. Мониторинг жергиликтүү кеңеш тарабынан да, жергиликтүү коомдоштук тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.
5.2. Мониторинг мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын сапатын жана аларга жетүү деңгээли, калктын канааттангандыгы тууралуу маалымат алуу максатында төмөнкүдөй параметрлер боюнча өткөрүлөт:
- Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын сапаты;
- Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгү;
- Көрсөтүлгөн тейлөө кызматтарынын сапатына ынануу деңгээли; тейлөө кызматын көрсөтүүнүн мөөнөтү;
- Жарандарды кабыл алуу жеринин жабдылышы (жеткиликтүүлүгү, жайлуулугу ж.б.)
- Тейлөө кызматынан пайдалануучулардын маалымдуулугунун денгээли, ошонун ичинде тейлөө кызматын көрсөтүү эрежелеринин түшүнүктүүлүгү;
5.3. Коомдук пикирге карата мониторингдин натыйжаларын сыпаттоодо жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ынанбай калышынын себептери аныкталат жана аларды жоюу сунуштары да берилет.
5.4. Мониторингдин натыйжалары боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан Борбордун ишмердүүлүгүнө тиешелүү кошумча иш чаралар комплексин иштеп чыгуу жөнүндөгү чечим кабыл алынышы мүмкүн. Алар төмөнкүлөргө багытталат.