Редакцияот 04.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2015-жылдын 4-декабры № 7

Ала-Бука айылдык аймагында жергиликтүү салыктардын базалык ставкаларын көтөрүү жөнүндө

  Ала-Бука айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин  негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Бука айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин  базалык салык ставкалары №1 тиркемеге ылайык тартипте эселенип  көтөрүлсүн.

2. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык субөектилер айыл чарба жерлеринен пайдалангандыгы үчүн салык төлөмдөрүн, ушул токтомдун №1 тиркемесинин тариф төлөмдөрүнө ылайык төлөөлөр жүргүзүлсүн, ошондой эле насостук станциялар аркылуу сугарылуучу айыл чарба сугат жерлери үчүн төлөнүүчү салык төлөмдөрү ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык кайракы айдоо ставкасы боюнча колдонулсун.

3. Аталган токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө     караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду тиркемеси менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүно  милдеттендирилсин.

5. Токтомду турмушка ашыруу жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Умаровага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Д.Акпаралыев   

 

       

Ала-Бука айылдык Кеңешинин

4-декабрь 2015-жылкы

№7 токтомуна №1 тиркеме

 

 

Ала-Бука айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин

базалык салык ставкаларынын негизинде  эселенип  көтөрүлгөн салык ставкалары:

 

 

 

 

 

№

Айыл чарба багытындагы

жерлердин түрү

 

        Айыл чарба жерлеринин салык ставкалары

Жерлердин бирдигине болгон базалык салык

Ставкалары (сом,га)

 

  2016-жылга жана андан ары карай

 

Эселенип көтөрүлүшү

 

Жердин бирдигине болгон төлөм

(сом,га)

1

Сугат айдоо

     306

         1,2

           367,2

2

Кайракы айдоо

     41,3

         3

           123,9

3

Көп жылдык бак дарактар

     204

         1,5

           306

4

Чөп чабынды

     22.5

         3

           67,5

5

Жайыт

     9,9

         3

            29,7

 

 

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

 

К.Токтоматов