Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна)
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы N 294, 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 608 токтомдорунун редакцияоарына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын иш тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар (мындан ары - илимий уюмдар) финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ, тегерек мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен штампы бар мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар болуп саналат жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
3. Илимий уюмдар мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Илимий уюмдар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, карамагында болгон мамлекеттик органдын, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, ушул Типтүү жобону, ошондой эле уюштуруу документтерин жетекчиликке алат.
5. Илимий уюм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
6. Илимий уюмдардын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
7. Илимий уюмдардын иши илим чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
2. Илимий уюмдардын максаты жана милдеттери
8. Илимий уюмдардын максаты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
9. Илимий уюмдардын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
4) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы кызматташтык;
5) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3. Илимий уюмдардын укуктары жана милдеттери
10. Илимий уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
6) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профили боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга;
7) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
9) илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басмаканалык, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган, келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу башка иштен, ошондой эле өз алдынча белгиленген тарифтер боюнча илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
10) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Илимий уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерин иштеп чыгууга;
6) илимий уюмдун интеллектуалдуу ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) профили боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарын издөөгө;
12) илимий уюмга оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популяризациялоонун эсебинен жогорулатууга;
15) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өз иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди аттестациялоону 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө.