Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Кызмат орундарын ээлөө тартиби
3. Эсептөө палатасынын бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөө бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) тандоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Талапкерлерди тандоо ага катышууга жарандардын бирдей жеткиликтүүлүгү, мыйзамдуулук, ачыктык, тандоо жүргүзүү шарттарынын жана тартибинин, ошондой эле анын натыйжаларын чыгаруунун бир түрдүүлүгү принциптеринде жүргүзүлөт.
5. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына жана тиешелүү кесиптик көндүмдөргө;
2) тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордундагы иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен билиминин деңгээлине жана профилине;
3) мамлекеттик жарандык кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жана чет тилдерди билүүгө;
4) тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жөндөмдөргө жана көндүмдөргө.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Ушул Эрежелердин 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча катары төмөнкү кызмат орундарына төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) аппарат жетекчисине Эсептөө палатасынын системасында административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы кызмат ордунда 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адам дайындалат;
2) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине Эсептөө палатасынын системасында административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Эсептөө палатасынын ар бир административдик мамлекеттик жарандык кызмат орду боюнча квалификациялык талаптар Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
8. Төмөнкү адам бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) квалификациялык талаптарга ылайык келбеген;
4) Эгерде алардын иши алардын биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдугу менен байланыштуу болсо, Эсептөө палатасынын жетекчилик курамы (Эсептөө палатасынын төрагасы, аудитору, аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери) менен жакын туугандыкта болгон (ата-энелери, жубайлары, ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, уулдары, кыздары, ошондой эле жубайларынын ата-энелери, ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары жана балдары);
5) кадырын кетирген негиздер боюнча же ишенимди жоготкондугуна байланыштуу Эсептөө палатасынан же башка мамлекеттик кызматтан мурда бошотулган;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же башка мамлекеттин жарандыгын алган, жашап турууга уруксат же чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоого анын укугун ырастаган башка документ алган.
9. Эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш орду сакталып турган убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн кабыл алынуучу адамдар ээлеген кызмат ордуна коюлуучу бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Талапкерлерди тандоо төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) талапкер берген документтер боюнча тандоо;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды билүүсүн компьютердик тестирлөө;
3) аңгемелешүү.
11. Тандоодо талапкердин ушул Эрежелердин 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү, ошондой эле анын функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билими, жөндөмдөрү жана көндүмдөрү аныкталат.
12. Аңгемелешүү талапкер менен анын жеке жана кесиптик-ишкердик сапаттарын, келечектеги иши тууралуу ой-пикирлерин, күтүүлөрүн, мотивациясын аныктоо үчүн интервью түрүндө жүргүзүлөт.