Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтомуна)
"Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 249-беренесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесин ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана "Нарын" эркин экономикалык зонасында (мындан ары - "Нарын" ЭЭЗ) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун колдонууну, "Нарын" ЭЭЗде товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу, "Нарын" ЭЭЗдин аймагында товарларды пайдалануу, "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан товарларды ташып чыгууда декларациялоо жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун аяктоо өзгөчөлүктөрүн, "Нарын" ЭЭЗде товарларды контролдоону, "Нарын" ЭЭЗдин аймагын жабдууга жана тосууга коюлган талаптарды аныктайт.
Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
"Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарлар - "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлардан даярдалган товарлар, ошондой эле "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарларын пайдалануу менен чет өлкөлүк товарлардан даярдалган товарлар;
чектеш чет мамлекет - аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы аймак менен чектешкен чет мамлекет.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу бардык башка терминдер Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - ЕАЭБ Бажы кодекси), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
2. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун колдонуу өзгөчөлүктөрү
2. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу "Нарын" ЭЭЗдин аймагында "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин товарларына карата аларды ушул Тартипке ылайык жабдылган "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында жайгаштырууда колдонулат.
3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ушул Тартипке ылайык жабдылган "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагы бажы контролунун аймагы болуп саналат.
4. Чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин дарегине "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташылып кирүүчү товарлар ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоого жатпайт.
5. Чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин дарегине "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташылып кирүүчү товарлар төмөнкү учурларда бажылык декларациялоого жатат:
1) ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды кошпогондо, "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан товарларды ташып чыгууда;
2) көрсөтүлгөн товарларды "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин тандоосу боюнча декларациялоодо;
3) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин же "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясынын кыймылсыз мүлк объекттерин жана (же) инфраструктура объекттерин куруу жана (же) реконструкциялоо үчүн товарларды ташып кирүүдө;
4) "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан ЕАЭБ Бажы кодексинин 205-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында аныкталган операцияларды жасоо үчүн "Нарын" ЭЭЗдин аймагына товарларды ташып кирүүдө.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда товарлар аларды пайдаланып баштаганга чейин жана алар "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына ташып киргизилген күндөн тартып 4 ай өткөнгө чейин бажылык декларациялоого жатат.
6. Ушул Тартиптин 5-пунктунун 1-пунктчасынын жоболору чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагына почта байланышынын оператору тарабынан дайындалган "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын чегинен тышкары кийин ташып чыгарылууга тийиш болгон эл аралык почта жөнөтүүлөрүн түзүү максаттары үчүн ташылып кирүүчү товарларга карата колдонулбайт, алардын өзгөчөлүктөрү ушул Тартиптин 4-бөлүгүндө аныкталган.
7. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында ар кандай операцияларды жүргүзүүгө жол берилет, анын ичинде:
1) сактоо;
2) товарларды жүктөө (түшүрүү) боюнча жана сактоого байланышкан башка жүк операциялары;
3) товарлардын сакталышын камсыздоо үчүн зарыл болгон, ошондой эле товарларды ташууга даярдоо боюнча кадимки операциялар, анын ичинде партияны майдалоо, жөнөтүүлөрдү түзүү, сорттоо, таңгактоо, кайра таңгактоо, маркалоо, товардык сапаттарын жакшыртуу боюнча операциялар;
4) товарларды кайра иштетүү (иштетүү), товарларды даярдоо (анын ичинде чогултуу, ажыратуу, монтаж, эп келиштирүү), товарларды оңдоо же техникалык тейлөө боюнча, анын ичинде аны жасоодо эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар, эгерде мындай чет өлкөлүк товарлар товарларды даярдоо (алуу) процессинде толугу менен же жарым-жартылай чыгымдалса (керектелсе) жана (же) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарларда камтылбаса дагы товарларды даярдоого (алууга) катышат же көмөктөшөт (мындан ары ушул главада - эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар). Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоодо товарларды даярдоого (алууга) катышкан же көмөктөшкөн чет өлкөлүк товарларга технологиялык процессте көмөкчү каражаттар болуп саналган товарлар кирбейт, мисалы жабдуулар, станоктор, жасалгалар;
5) Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталуучу учурларда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоодо товарларды керектөө товарларды чыгымдоого (керектөөгө) караганда башкача;
6) ЕАЭБ Бажы кодексинин 17-беренесине ылайык товарлардын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандоо;
7) бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөсүз, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Бирликтин товарларына карата тыюу салуулар менен чектөөлөрдү колдонуусуз эл аралык почта жөнөтүүлөрүнүн партияларын түзүү.
8. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин товарлары "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөсүз, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Бирликтин товарларына карата тыюу салуулар менен чектөөлөрдү колдонуусуз жайгаштырылат, пайдаланылат жана керектелет.
9. Төмөнкү товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга жатпайт:
1) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тыюу салынган товарлар катары аныкталган;
2) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана (же) жол жүгүн ташуучу жана (же) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагынан товарларды ташуучу транспорт каражаттары, ошондой эле мындай транспорт каражаттарында болгон жабдыктар;
3) "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын жана "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу, инфраструктура объекттерин пайдалануу боюнча функцияларды "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери болуп саналбаган жактардын жүзөгө ашыруусу үчүн "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына жана "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясынын дарегине ташылып кирүүчү;
4) "Нарын" ЭЭЗдин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясы жана "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери тарабынан алардын иштөөсүн, кыймылсыз мүлк объекттерин түзүүнү жана аларды тиешелүү абалда кармоону камсыздоо менен байланышкан ташылып кирүүчү. Мындай товарларга төмөнкүлөр кирет: канцелярия товарлары, эмеректер, турмуш-тиричилик жана кеңсе техникасы, компьютерлер, курулуш материалдары, жабдуулар жана алардын бөлүктөрү.
Ушул Тартиптин 4-пунктунда жана ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды ташып кирүү "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин товарларды ташып кирүүнү эсепке алуу журналында белгилөө менен жүргүзүлөт.
Бажылык декларациялоого жатпаган товарларды эсепке алуу журналы жүктү коштоочу документтерге ылайык товарларды жөнөтүүчү, товарлардын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча коду, саны жана наркы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жүктү коштоочу документтердин аталышын жана номерин камтууга тийиш. Бул журнал "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин товарларын бажылык контролдоо маселелери үчүн жооптуу бажы органынын кызматкери тарабынан көктөлүүгө, номерленүүгө жана текшерилүүгө тийиш.
10. "Нарын" ЭЭЗдин аймагына "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери болбогон дарекке жана аймактары жабдуу талаптарына жооп бербеген "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин дарегине ташылып кирүүчү чет өлкөлүк товарлар ЕАЭБ Бажы кодексинде жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, мөөнөттөрдө жана шарттарда башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатат.