Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 691 токтомуна)
Инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо өткөрүү МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык даярдалган жана инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык конкурстук тандоо процессиндеги ыкмаларды жана аракеттерди аныктайт.
2. Инвестициялык долбоорду тандоону конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн (анын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) жеңүүчүнү аныктоо үчүн жүргүзөт.
3. Бул Методиканы колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аффилирленген жак - төмөндө саналып өткөн бир же бир нече белгилерге ылайык келген каалагандай жеке же юридикалык жак:
- инвестициялык конкурска катышууга өтүнмө берген уюмдун жетекчилери же штаттык кызматкерлери менен жакын туугандык, жубайлык даражасынын болушу;
- өтүнмө берген уюмдун штатында инвестициялык конкурс өткөрүлгөн жылдын алдындагы акыркы 3 жыл ичинде болгон же болсо;
- өтүнмө берүүчүгө карата өтүнмө берүүчү уюмдун уставдык капиталында үлүшү бар катышуучу (акционер), алардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү, бенефициар, подрядчы болуп саналса, өтүнмө берүүчү менен финансылык же башка милдеттенмелер менен байланышкан же болбосо инвестициялык конкурстун катышуучусунун бенефициардык ээси болуп эсептелсе;
2) инвестициялык долбоор боюнча келишим - долбоордун демилгечиси менен долбоордун жеңүүчүсүнүн ортосундагы макулдашуу, анда инвестициянын объектиси жана көлөмү, долбоорду ишке ашыруучу компания, долбоордун башталыш жана аяктоо мөөнөттөрү, келишимдин мөөнөтү жана колдонуу шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде инвестициялоонун көлөмү, продукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн көлөмү, каржылоо булактары, долбоорду ишке ашыруунун графиги, инвестордун милдеттенмелерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, келишимдин шарттарын сактабагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги, анын ичинде тараптардын биринин күнөөсү боюнча зыяндын ордун толтуруу тартиби жана мөөнөтү, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу укугу, тараптардын келишим боюнча милдеттенмелерди сактабагандыгы же талаптагыдай сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, токтотуу тартиби, пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды чечүү тартиби, инвестициялык келишимдин тараптарынын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо орду жана органы.
Инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша келишим өндүрүштү локалдаштыруу, продукциянын сапаты, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун көлөмү, эл аралык стандарттарга, экологиялык талаптарга жана энергонатыйжалуулуктун стандарттарына ылайык келген жабдууларга жана технологияларга талаптар, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди жана колдоо чараларын (жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды) берүү, аймактын өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү, продукцияны ташып чыгаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен кызматкерлерди жалдоо жана окутуу боюнча милдеттенмелер, технологияларды пайдалануу боюнча шарттар, ошондой эле инвестициялык долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийин кызматкерлерди окутуу боюнча жоболорду камтышы мүмкүн;
3) инвестициялык конкурстук тандоо (мындан ары - конкурс) - берилген долбоорду баалоо методдорун колдонуу менен ушул Методикага ылайык инвестициялык долбоорду (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) ыйгаруу үчүн жеңүүчүнү аныктоо процесси;
4) инвестициялык долбоор - долбоордун демилгечисинин белгилүү бир мезгил ичинде белгиленген натыйжага жеткенге чейин (анын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө) долбоорду практикалык ишке ашырууну караган иш-чаралардын жана документтердин комплексин камтыган сунушу;
5) инвестициялык сунуш - долбоорлорду, долбоорго инвестициялануучу сумманы, ишке ашыруу мөөнөтүн, рынокту талдоону, продукцияны, товарларды чыгаруу, жумуштарды же кызматтарды көрсөтүү боюнча сунушту, колдонуучу технологияны(ларды), продукцияны рынокто жылдыруу стратегиясын, башкаруу түзүмүн, түзүлүүчү жумуш орундарынын санын, күтүлүп жаткан кирешелүүлүктү жана өзүн актоонун убактылуу мөөнөттөрүн баяндоо, ошондой эле башка пайдалуу натыйжаларды ырастаган капиталдык салымдардын өзүн актоо жана инвестицияларды кайтаруу мөөнөттөрүн эсептөө менен конкурска катышуу үчүн инвестордун сунушу. Долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша сунуш айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымат менен толукталышы мүмкүн;
6) инвестициялык долбоордун демилгечиси (мындан ары - долбоордун демилгечиси) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ыйгарым укуктуу министрлик, административдик ведомство, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жетекчинин орун басарынын деңгээлиндеги райондук мамлекеттик администрация, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жекече жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргелешип өз ара аракеттенүү функциясы жүктөлгөн адам;
7) инвестициялык конкурстук тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) - коллегиялык курамда иштеген, долбоор боюнча конкурсту уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (министрлик же ведомство) тарабынан түзүлүүчү комиссия;
8) "кызыкчылыктардын кагылышы" - конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары чечим кабыл алууда объективдүүлүккө жана калыс болбоого таасир этиши мүмкүн болгон жагдай;
9) баалоо методу - конкурстун жеңүүчүсүн тандоо максатында инвестициялык долбоорлорду салыштыруу үчүн мамилелердин, ыкмалардын жыйындысы;
10) конкурстук комиссиянын катчылыгы - конкурстук комиссиянын конкурстук документтерин даярдоо жана жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери(лери);
11) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөгү техникалык тапшырма - аткаруучу аткарууга милдеттүү болгон милдеттердин жана товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптардын тизмесин камтыган документ.
Зарыл болгон учурда техникалык тапшырманын талаптарында төмөнкүлөр баяндалат: 1) продуктуларга, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө документтер; 2) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр; 3) иштеп чыгуунун баскычтары жана этаптары; 4) контролдоо жана кабыл алуу тартиби; 5) башка тиркемелер;
12) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;
13) инвестициялык конкурстук тандоонун катышуучусу - (мындан ары - конкурстун катышуучусу) - конкурска катышуу үчүн өтүнмө берген потенциалдуу инвестор.