Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 27-марты № 66
Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 14-июнундагы № 76, 2006-жылдын 31-июлундагы № 144, 2008-жылдын 23-июнундагы № 127, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 141, 2009-жылдын 16-июлундагы №222, 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2015-жылдын 6-февралындагы № 31, 2015-жылдын 13-февралындагы № 32, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2022-жылдын 9-августундагы № 90, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам республикада инвестициялык абалды жакшыртууга жана инвесторлорго адилеттүү, тењ укуктук режимди жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвесторлор тарткан инвестицияларды коргоо кепилдигин берүү аркылуу ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларга түрткү берүүгө багытталган мамлекеттик инвестициялык саясаттын негизги принциптерин белгилейт.
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1. Инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээ болуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, инвестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдык жана материалдык эмес салуулары:
- акча каражаттары;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- мүлк укуктары (ипотека, мүлктү кармап турууга укук, күрөө жана башкалар);
- акциялар жана юридикалык жак катары катышуунун башка формалары;
- облигациялар жана башка карыз милдеттенмелери;
- мүлктүк эмес укуктар (анын ичинде ишкердик беделин, автордук укуктарды, патенттерди, товардык белгилерди, өнөр жай үлгүлөрүн, технологиялык процесстерди, фирмалык аталыштарды жана ноу-хауну кошо алганда интеллектуалдык менчикке укук);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген лицензияларга же башка формага негизделген иш-аракетти жүзөгө ашыруучу бардык укуктар;