Загрузка документа…
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы N 733 токтомуна)
Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун, нотариустарда электрондук документтерди сактоонун, нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо нотариустардын (кызмат адамдарынын) өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин, ошондой эле арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу эки же андан көп нотариустар жана (же) кызмат адамдары тарабынан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоодо электрондук документтерди пайдалануунун эрежелерин регламенттейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) биометрикалык идентификация (аутентификация) – санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында аны аныктоочу берилген биометрикалык маалыматтарга ылайык жарандын инсандыгын аныктоонун жол-жобосу. Аутентификация ыкмалары: манжалардын папиллярдык үлгүлөрүнүн графикалык түзүлүшү боюнча (бармак издери), беттин графикалык сүрөтү боюнча (face-id);
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо кол коюу үчүн графикалык планшет – электрондук документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген санарип блокнот. Атайын калем сап менен кол коюуда планшеттер графикалык кол тамганы алат, санариптештирет жана аны электрондук документке киргизет;
3) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы;
4) квалификацияланган электрондук кол тамга (мындан ары – КЭК) – кол тамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү факттарын табууга мүмкүндүк берген, электрондук документке кол койгон адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук кол тамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн электрондук кол тамга;
5) контрагент – башка тарапка карата келишим кандай болбосун тарабы;
6) арыз ээсинин жеке кабинети – нотариустун (кызмат адамынын) кызмат көрсөтүүсү үчүн кайрылууда арыз ээсинин ыңгайлуулугун жогорулатууга арналган электрондук сервис, анда нотариус (же кызмат адамы) тарабынан анын атынан жана анын катышуусунда берилген бардык нотариалдык документтер (актылар) сакталат;
7) эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жасалган нотариалдык иш-аракеттер – эки же бир нече нотариустардын же кызмат адамдарынын катышуусунда кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан (онлайн) жасоо;
8) арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер – тиешелүү арыз менен НБМС аркылуу жеке кабинет аркылуу нотариуска жана (же) кызмат адамына кайрылуу жолу менен арыз ээси катышпастан, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
9) ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары – кызмат адамы) – “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
10) кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификациялуу сертификаты (мындан ары – квалификациялуу сертификат) – башкы (тамыр) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырган, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ыйгарым укуктуу өкүлү же болбосо электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилген кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу, эки же андан көп нотариустун жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттер
3. Арыз ээсинин жеке кабинети аркылуу аралыктан жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер:
1) керээзди кошпогондо, бир тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү;
2) документтердин бир тилден экинчи тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүү;
3) жарандын тирүү экендиги фактысын күбөлөндүрүү;
4) аткаруу жазууларын жүргүзүү;
5) векселдердин протесттерин жасоо;
6) чектерди төлөөгө көрсөтүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү;
7) далилдерди камсыздоо;
8) кагаз түрүндөгү документтин электрондук документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
9) электрондук документтин кагаз түрүндөгү документ менен бирдей экендигин күбөлөндүрүү;
10) электрондук документтеги электрондук кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү;
11) нотариалдык документтерди мамлекеттик каттоого берүү.
4. Эки же бир нече нотариустардын жана (же) кызмат адамдарынын катышуусунда аралыктан (онлайн) жүргүзүлө турган нотариалдык иш-аракеттерге кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышкан бүтүмдөрдү кошпогондо, эки жана көп тараптуу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү кирет.