Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 18-январы № 1823-VII

Ш.А. Айтиевдин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бɵлүгүнүн 9-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айтиев Шухрат Анваровичтин ыйгарым укуктары 2023-жылдын 30-декабрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев