Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-январы № 37
Социалдык чөйрөдө тамактануу ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринин тамактануу ченемдерин этап-этабы менен жогорулатуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
1) 2-пунктта "60" деген цифралар "90" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 2-1-пунктта "30" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 4-пунктта "110" деген цифралар "165" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 5-пунктта "110" деген цифралар "213" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 7-пунктта:
- "50" деген цифралар "100" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "110" деген цифралар "160" деген цифраларга алмаштырылсын;
6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
8 | Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн | 213 |
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи үчүн | 489 |
7) 9-пунктта "18" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 10-пунктта "83", "55" деген цифралар "150", "120" деген цифраларга алмаштырылсын;
9) 11-пунктта "68", "90", "109", "83", "250", "210," "120", "145" деген цифралар "150", "150", "300", "150", "489", "250," "160", "185" деген цифраларга алмаштырылсын;