Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январы № 2-Д буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн
СТАНДАРТТАРЫ
(Кыргыз Республикасыны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 209, 2025-жылдын 5-августундагы № 1-Д, 2026-жылдын 30-марты № 1-Д буйруктарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы тарабынан көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын стандарттары
(Кыргыз Республикасыны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдын 5-августундагы № 1-Д буйругунун редакциясына ылайык)
№ 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту Кызмат көрсөтүүнүн аталышы Курулуш конструкцияларын жана текстиль материалдарын өрткө каршы иштелип чыккан сапатын баалоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 12-пункту Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдын коопсуздугун камсыз кылуу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – КР ӨКМ), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун Өрт сыноо лабораториясы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, КР ӨКМдин аскер шаарчасы Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар а) жеке адамдар: жыгачтан, темирден, текстилдик конструкциялардан же отко чыдамдуу тазалоону талап кылган имараттарды же жайларды (мындан ары ̶ коргоо объектилери) ээлик кылуу же эксплуатациялоо; б) юридикалык жактар: ̶ коргоо объекттерин иштеткен ишканалар; ̶ мамлекеттик кызматтарды алууга кызыкдар коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана мекемелер Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи Ченемдик укуктук актылар: ̶ Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамы; ̶ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 “Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому; ̶ Евразия экономикалык биримдигинин «Өрт коопсуздугуна жана өрт өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө» Техникалык регламенти (ЕАЭБ ТР 043/2017); ̶ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому; ̶ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы Сыноо протоколдорун берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө, кезекке туруу менен, жеңилдетилген категориядагы жарандарга кезексиз көрсөтүлөт; ̶ бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунуучу жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болсо; ̶ уюмда күтүүчү жайлар, дааратканалар, жылытуу, суу, телефон бар; ̶ жарандардын жеңилдетилген категориялары (АМСК (УВОВ), АМСМ (ИВОВ), тыл кызматкерлери, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөтү Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы 10 календардык күндү түзөт, эгерде коргоо объекттери аралыкта жайгашкан болсо, сыноолорду өткөрүү мөөнөтү арыз берүүчү менен макулдашылат |