Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 19-марты № 209
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
2024-жылдын 29-январындагы №2-Д “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №2-Д “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндөгү" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын:
1) Биринчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“I бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар;
III бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар;
2) кийинки мазмундагы жетинчи абзац менен толуктоо:
“VII бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар”;
3) I бөлүмдөгү түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сыноо лабораториясы” деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу изилдөө борбору” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) III бөлүмдөгү түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар” VII бөлүмү ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда 1-8-главалар менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин массалык маалымат каражаттары жана калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы 3 жумушчу күндүн ичинде, буйрук катталган күндөн тартып 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы:
1) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, эки нускада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) бул буйруктун күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директору жогоруда аталган Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун.
5. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директоруна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетовго жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.