Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 2

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктары жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык -аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктунун 2-абзацына ылайык, Бекмолдо айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Бекмолдо айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу иштелип чыккан Жобо бекитилсин. (тиркеме №1 тиркелет.)

 

2. Бекмолдо айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы бекитилсин.(тиркеме №2 тиркелет).

 

3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Осмонов

 

 

Тиркеме №2

 

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин

2023-жылдын 16-февралындагы

№2 токтому менен бекитилди

 

Бекмолдо айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

комиссиянын курамы

 

№

Фамилиясы аты, атасынын аты

Ээлеген кызматы

 

комиссиянын төрагасы

1

Кулубаева Эльвира Абдыжапаровна

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

 

төраганын орун басары

2

Калилова Айнур Кудайбергеновна

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу

 

комиссиянын катчысы

3

Нуралиева Тамара Дүйшеновна

Иш кагаздары боюнча жетектөөчү адис

Мүчөлөрү

 

4

Сыдыгалиев Мамбет

Аксакалдар кеңешинин төрагасы

5

Асыранов Жангазы Бакасович

Киреше боюнча башкы

6

Арыкбаева Кенжекан

“Бекмолдо а/кеңешинин “Этика жана маданият, социалдык , ден соолук маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы, депутат

7

Осмоналиев Искендер

Жайыт комитетинин төрагасы

8

Кулбачаева Анипакан

Аялдар кеңешинин төрайымы

9

Рахматов Данияр Жунушович

Кара-Ой айылынын айыл башчысы

10

Исагалиев Айтмат Усенбекович

Чоң-Токой айылынын айыл башчысы

11

Жумашов Эркинбек

Ветеринардык адис