Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2025-жылдын 4-февралындагы № 56, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун (мындан ары - Конкурс) максаттарын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоо конкурстук комиссияга жүктөлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- комиссиянын катчысы - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан аныкталган жооптуу кызматкер;
- комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде:
- ыйгарым укуктуу органдын мектеп маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер.
6. Конкурстук комиссия:
1) Департамент менен бирдикте конкурс өткөрүүнүн мөөнөттөрүн аныктайт;
2) билим берүүнү башкаруунун райондук/шаардык (аймактык) органдары берген өтүнмөлөргө ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин түзөт жана бекитет жана Конкурсту жарыялайт;
3) Департамент берген отчетко ылайык Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жободо колдонулган түшүнүктөр, терминдер жана кыскартуулар төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:
1) квалификациялык талаптар - жаппы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин жана адистигинин деңгээлине, адистиги боюнча иш стажына, кесиптик билимине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптар;
2) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоого багытталган объективдүү жана ачык-айкын тестирлөө жол-жобосу;
3) конкурс - ушул Жобого ылайык өткөрүлө турган талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалоо жол-жобосу;
4) талапкер - жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу каалоосун жазуу жүзүндө билдирген жеке жак;
5) документтерди экспертизалоо - квалификациялык талаптарга шайкештигин тастыктоо жана квалификациялык тестирлөөгө уруксат берүү максатында конкурстан өтүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди изилдөө жол-жобосу;
6) талапкердин компетенттүүлүгү - бул талапкердин белгилүү бир кесиптик милдеттерди чечүүгө жеке жөндөмү;
7) техникалык апелляция - талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарын текшерүү тартиби;
8) сыноо мөөнөтү - бул иш берүүчү жалпы билим берүү уюмунун жетекчисин ишти аткарууга жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
8. Конкурстун максаты билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга, тиешелүү жогорку педагогикалык билими болгон адамдарды альтернативдүү атаандаштык негизде тандоо болуп саналат.
9. Конкурстун милдеттери жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй башкаруучу кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүзөгө ашыруу, билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордуна коюлган кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоону өркүндөтүү болуп саналат.