Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 8-сентябры № 570

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашууга өтүү жолу менен жарандардан мамлекеттик органдар тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талаптарын жокко чыгаруу (жөнөкөйлөтүү), жол-жоболордон өтүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматына төмөнкүдөй документтерди берет:

- паспорт ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);

- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жердин дарегин жана телефонду көрсөтүү менен);

- резюме;

- билими жөнүндө документ жана анын тиркемелери ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);

- электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы;

- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кагаз түрүндө);

- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

"101. Документтерди кабыл алуу конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Талапкер билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин түп нускаларын аларды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана берет. Билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин берилген түп нускалары кадрдык кызматтын ыйгарым укуктуу (жооптуу) кызматкери тарабынан алар текшерилгенден жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилүүгө тийиш.";