Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 1-декабры № 05
“Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү тууралуу”
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 9 пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламенти № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы №4 “Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Чүй - Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин ишинин негиздери
II Бөлүм. Депутаттык фракциялар
III Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин ишин уюштуруу
IV Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин ченем жаратуу иши. жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
V Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби
VI Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап
VII Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
VIII Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин аппараты/жооптуу катчысы
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ