Загрузка документа…
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 05 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзү өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2012-жылдагы 25-декабрындагы №1 “Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинде:
8.1. пункту:
Биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
«Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт, шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпысанынын үчтөн бирден кем эмес бөлүгүнүн талабы менен кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат депутаттарга сессияга чейин үч күндөн кеч эмес убакыт ичинде кабарланат».
2. Бул токтом ченемдик укктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция Башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламенти жана Кара-Балта шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттатылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу уюштуруу укук маселерди, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Аалыев |
Шаардык кеңештин 2012-жылдын 25-декабрындагы
01.11.2018 карата өзгөртүү,
толуктоолорду киргизүү
боюнча Тиркеме
Кара-Балта шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I-бап. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңеши
2-бөлүм.Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары
II-бап. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3-Бөлүм. Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары
4-Бөлүм.Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III-бап. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШТӨӨ ТАРТИБИ
5-Бөлүм.Шаардык кеңештин биринчи сессиясы