Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №16 сессиясы

2023-жылдын 7-августу №01-3/ 4

ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелерин, купканы иштетүүнүн бааларын жана 2023- жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Көк-Сай айыл аймактык Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кочербаевдин маалыматын угуп, талкуулап Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. ЖПБ/ЖКнин 2023-жылга карата түзүлгөн иш-планы(1-тиркеме),ички тартип эрежелери (2-тиркеме) бекитилсин.

2. Купканы иштетүү жана баалары (3-тиркеме) иштелип чыккан калькуляцияга ылайык бекитилсин.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү келишими бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кочербаевге милдеттендирилсин;

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чомотоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Салыбеков.

 

 

Тиркеме 1

 

 

БЕКИТИЛДИ

Талас областынын Айтматов районунун

Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин

2023-жылдын 7-августундагы 01-3/4

токтому менен кезектүү 16-сессиясында

бекитилди.

Көк-Сай айылдык акмактык кенешинин

төрагасы Салыбеков Талгат Качкынбаевич

__________________________________

 

Көк-Сай А/А ЖПБ ЖК

2023-жылга иш планы

 

№

Аткарылуучу иштер

Кимдер аткарат

Мөөнөтү

1

Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү

Жайыт

комитетинин

төрагасы

май, июнь

2

2023-жылга карата Көк-Сай айыл аймагынын ЖК мүчөлөрү менен бирдикте малдын башын санап тактоо

Жайыт

комитетинин

мүчөлөрү жана ЖК

май, июнь

3

Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү

Жайыт комитети

май, июнь

4

Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо

Жайыт комитети

май

5

Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү

Жайыт

комитетинин

мүчөлөрү жана ЖК

май, июнь

6

Көк-Сай айыл аймагына тиешелүү жайыттарды Кара-Буура районунун жаратылыш паркы менен бирдикте чек араларды тактоо

Айыл өкмөт, жайыт

комитети

май, июнь

7

Жайытка баруучу маршруттарды, жолдорду оңдоо

Жайыт комитети

2023- жыл ичинде

8

Жайыт билеттерин берүү

Жайыт комитети

май, июнь

9

Убагында ветеринардык дарылоолорду өткөрүү

Вет адис

жыл бою

10

Малдарды жайлоого көчүрүү

Кок-Сай айыл

аймагынын жайыт

комитети

май, июнь

11

 Жайыт акыларды жыйноо

Жайыт комитети

2023-жыл ичинде

12

Жайыттарга малдардын жайланышын жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү

Айыл өкмөт, жайыт

комитети.

июнь, июль

13

Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп, тиешелүү чараларды көрүү.

Айыл өкмөт, жайыт

комитети.

июнь, июль, август

14

Жайыттардын инфраструктурасын (капташтарды) оңдоо Кожо-Булак, Ашуу-Жол, Койлон.

Жайыт комитети

июнь, июль, август

15

Жайыттардын инфраструктурасын Күрүч-Көл көпүрөсүн оңдоо

Жайыт комитети

(АЧТ) менен

жыл ичи

16

Майда жандыктарды ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (купка) дары сууга чөмүлтүү

Жайыт комитет

Вет адис

август, сентябрь

17

«Беккари» чуңкурун (яма) куруу

Айыл өкмөт, жайыт

комитети, Вет адис

жыл ичи

18

2023-жыл жыйынтыгын чыгаруу

Жайыт

комитетинин

төрагасы

жыл аягында

ЖПБ жайыт

комитетинин төрагасы

 

Кочербаев Ж.

 

Тиркеме2

 

БЕКИТИЛДИ

Талас областынын Айтматов районунун

Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин

2023-жылдын 7-августундагы 01-3/4

токтому менен кезектүү 16-сессиясында

бекитилди.

Көк-Сай айылдык акмактык кенешинин

төрагасы Салыбеков Талгат Качкынбаевич

__________________________________

ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелери

Мал жаюу эрежелери

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

1.   Мал жаюунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.

2.   Жергиликтүү ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.

3.   Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда макулдашылган жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюуга (мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).

4.   Жайыт мезгили 1- апрелде башталат.

5.   Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.

6.   Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүшү шарт.

7.   Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 25-майдан 30-майга чейин жүргүзүлүшү керек.

8.   Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, айыл ичинде 1 жумушчу ат, саан уйлар, 3-5 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы керек.