Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына) |
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн саясий, коомдук жана экономикалык турмушунда аялдардын өкүлчүлүгүн жана активдүү катышуусун жогорулатууга багытталган стратегиялык жактан маанилүү демилгени аныктоо максатында иштелип чыккан. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун ажырагыс компоненттери болуп саналат.
Кыргызстандын тарыхында аялдар ар дайым маанилүү ролду ойноп, анын прогрессине жана гүлдөшүнө салым кошуп келишкен. Бирок, олуттуу жетишкендиктерге карабастан, саясатта жана иштин башка чөйрөлөрүндө аялдардын потенциалы жетиштүү даражада таанылбай жана пайдаланылбай калууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында аялдардын лидерлигине активдүү көмөк көрсөтүү, чечимдерди кабыл алууга аялдардын кыйла кеңири катышуусуна жана мамлекеттик башкарууда жетекчи кызмат орундарда алардын өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү механизмдерди киргизүү зарылдыгы турат.
Бул Программа адилеттүү жана заманбап системаны түзүүгө багытталган, анда гендердик теңчилик жана аялдардын лидерлиги мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн жана ийгилигинин бекем пайдубалы болуп калат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саясий чөйрөдө аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдар үчүн квоталарды берет. Ага карабастан, бул жоболорду ишке ашыруу татаал бойдон калууда жана аялдардын саясатта чечим кабыл алууга таасири дагы эле жетишсиз.
Улуттук программалык документтерде чечимдерди кабыл алууга катышуунун көрсөткүчү катары аялдардын шайлануучу кызмат орундарына жетүүсүнө көп көңүл бурулуп, мамлекеттик башкарууда гендердик теңчиликке өтө аз көңүл бурулууда. Ал эми акыркысы чечүүчү мааниге ээ болуп саналат, анткени мамлекеттик башкаруу саясий жана экономикалык чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле бюджеттерди пландоо жана чыгымдоо ыкмасын аныктайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын саясий жетекчи кызмат орундарында аялдардын катышуусунун төмөндүгү, биринчи кезекте, тиешелүү тажрыйбага жана лидерлик сапаттарга ээ болгон аял жынысындагы даярдыгы бар жана компетенттүү кадрлардын санынын азайышы менен түшүндүрүлөт.
Мамлекеттик органдардын жетекчилигинде аялдар абдан аз: 2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21 мүчөсүнүн ичинен болгону 3 же 14,2%ы гана - аялдар. Министрлердин орун басарларынын кызмат орундарында 69дун ичинен болгону 12 же 17%ы - аялдар.
Аялдар облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин кызмат орундарында көрсөтүлгөн эмес. Райондук акимдердин орун басарларынын кызмат орундарында 79дун ичинен болгону 28 же 35%ы - аялдар. 409 айыл өкмөт башчысынын ичинен болгону 12 же 2,9%ы - аялдар (2022-жылы алардын саны 24 болгон).
Лидер-аялдарды окутуу үчүн тийиштүү түзүм жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгү тууралуу айрым жылдар боюнча салыштырмалуу маалыматтар Кыргызстандагы аялдардын лидерлик деңгээлин көрсөтүп турат. Алсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында аялдар 26%ды түзгөн, бирок кийин бул өкүлчүлүктүн деңгээли 17%га түшүп калган. Азыркы учурда аялдарга колдоо көрсөтүүнүн атайын чараларын (квоталарды) камтыган шайлоо мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги аялдардын үлүшү максаттуу 30%дын ордуна 21%ды түзүүдө.
2013-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү 12% түзгөн, бирок 2016-жылы бул сан 10%га чейин төмөндөгөн, ал эми 86 айылдык кеңеште бир дагы аял депутат болгон эмес.
Бирок, 2021-жылы аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча атайын чаралар киргизилген, мисалы, алар үчүн мандаттарды сактоо. Бул айылдык кеңештерде аялдардын үлүшүнүн 38%га чейин кыйла көбөйүшүнө алып келди.
Аялдардын саясатка катышуу үлүшүнүн көбөйүүсүндөгү бул прогресс коомдук аң-сезимде акырындык менен өзгөрүүлөр болуп жатканын жана Кыргызстанда аялдардын лидерлигин колдоого багытталган атайын чараларды киргизүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Ошондой болсо дагы толук теңчиликке жетүү жана өлкөнүн саясий турмушуна аялдардын катышуусу үчүн аялдар өзүнүн саясий карьерасында кабылган стереотиптерди жана тоскоолдуктарды жеңүү боюнча аракеттерди улантуу зарыл. Ошондой эле бул Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (мындан ары - ТӨМ) күн тартибин ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн маанилүү, атап айтканда ТӨМдүн 5.5-пунктунда өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушунда чечим кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын толук жана натыйжалуу катышуусун жана лидерлик үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу каралган. 2022-жылы Кыргызстанда гендердик ажырымдын глобалдуу индекси 0,700 көрсөткүчүнө жетип, дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 86-орунга чыгарды. Гендердик ажырым индексине кирген аялдардын саясий укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү субиндекси 0,124тү түзүп, өлкөнү дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 111-орунга чыгарды.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жетекчи кызмат орундарында аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Алсак, ички иштер органдарында жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү төмөндөөдө: 2019-жылы - 5,7%, 2020-жылы - 5,4%, 2021-жылы алардын өкүлчүлүгү - 5,2%га чейин, 2022-жылы - 4,6%га чейин төмөндөдү. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин жетекчи кызмат орундарында аял аскер кызматчыларынын өкүлчүлүгүнүн үлүшү - 2,1%ды түзөт.
Башка укук коргоо органдарында аялдардын жетекчи кызмат орундарындагы өкүлчүлүгү туруктуу төмөн бойдон калууда. Маалыматтарга ылайык 2023-жылы:
- бажы органдарында - 5, 6%;
- прокуратура органдарында - 5%;
- аскер прокуратурасынын органдарында аттестацияланган курамдын арасында аскер кызматчы аялдардын үлүшү 1,9%, ошол эле учурда аскер прокуратурасынын органдарында жетекчи аялдар болгон эмес;
- улуттук коопсуздук органдарында - 7,6%;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо мамлекеттик органында - 6,7%;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде - 6%.
Укук коргоо органдарынын арасында жетекчилик курамдагы аялдардын өкүлчүлүгү менен абал жазаларды аткаруу ыйгарым укуктуу органында бир аз жакшыраак - 24,2% жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги системасында - 21%.
Демек Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, өзгөчө жетекчи кызмат орундарындагы аялдарга карата ачык гендердик дисбаланс байкалууда. Акыркы жылдары айрым мамлекеттик органдарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн көбөйгөнүнө карабастан бул процесс жай жүрүп жатат жана укук коргоо чөйрөсүндө тең укуктуулукка жетишүү жана аялдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн кошумча күч-аракеттер талап кылынууда.
Кыргыз Республикасынын сот системасында сот адилеттиги секторунун репрезентативдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү таанылат, бул адилеттүү чечимдерге өбөлгө түзөт жана сот системасына коомдун ишенимин жогорулатат. Бирок азыркы учурда гендердик өкүлчүлүктө теңсиздик бар, судья аялдардын үлүшү болгону 36,7%ды түзөт, бул аталган чөйрөдөгү аялдардын катышуусун күчөтүү зарылдыгы тууралуу билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо жетекчи кызмат орундарында эркектер басымдуулук кылат, бул дагы сот адилеттигинин органдарында гендердик дисбалансты чагылдырат. Сот адилеттигинин органдарында аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу үчүн бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгүнүн 70%дан ашык эмес ченемин белгилөө зарыл, бул Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунда, ошондой эле Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешинде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кыйла туруктуу болушуна өбөлгө түзөт.
Топтолгон оң тажрыйбаны эске алуу менен жана Кыргызстандагы аялдардын саясий лидерлиги үчүн болгон чакырыктарды жеңүү максатында бул Программанын алкагында мамлекеттин күч-аракетин төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга топтоо зарыл:
1) биринчи кезектеги чаралар;
2) квоталоо системасын жана гендердик балансты камсыз кылууну эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин түзүү;
3) талапкер аялдарды жетекчи позицияларга даярдоо системасы.
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)