Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 19-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик башкарууда гендердик балансты камсыз кылуу максатында, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24, 37, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын жана 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасында:
- 2-главанын 2, 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квоталоо системасын жана гендердик балансты камсыз кылууну эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин түзүү;
3) талапкер аялдарды жетекчи позицияларга даярдоо системасы.";
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү
Башкаруучу кадрлар резервин түзүү айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүгө гана багытталбастан, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын кыйла кеңири катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалынын иштөөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана адилеттүү атаандаштык принциптерин айкалыштыруу үчүн туруктуу жана институттук шарттарды түзүүгө да багытталган.
Айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн алкагында төмөнкүдөй милдеттер ишке ашырылат:
- квоталоо системасын киргизүү - бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;
- гендердик балансты камсыз кылуу - кадрлар резервинде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкерлерге артыкчылыктуу укук берүү;
- кесиптик өнүктүрүү системасын киргизүү жана лидер аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын башкаруучу кызмат орундарына бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү, салттуу гендердик стереотиптерге негизделген тоскоолдуктарды азайтуу.";
- 7-главадагы таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Күтүлүүчү натыйжа | Көрсөткүчтөр | |
2027-жылдын аягына карата | 2030-жылдын аягына карата | |
1. Аялдардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана лидерлиги институтташтырылды, аялдардын кызматы боюнча өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. ТӨМ индикатору 5.1.1. Колдоо жана теңдикти камсыз кылуу жана жыныстык белгиси боюнча басмырлабоо, бул жааттагы абалга байкоо жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базанын болушу | Башкаруучу кадрлар резервинде талапкерлердин кеминде 30%ын аялдар түзөт | Башкаруучу кадрлар резервинен аялдарды жетектөөчү кызмат ордуна дайындоонун максималдуу мөөнөтү үч жылдан ашык эмес |
Квалификацияны жогорулатуу курстарында башкаруучу кадрлар резервине киргизүүгө талапкер болгон талапкерлердин жалпы санынан кеминде 30% аял окутулду | Квалификацияны жогорулатуу курстарында кеминде 60 аял окутулду | |
"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 60 аял окуудан өттү | "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 120 аял окуудан өттү | |
2. Жогорку квалификацияга жана потенциалга ээ лидер аялдар мамлекеттик башкарууга активдүү катышат. ТӨМ индикатору 5.5.1. Аялдар ээлеген орундардын үлүшү а) улуттук парламенттерде жана б) жергиликтүү бийлик органдарында ТӨМ индикатору 5.5.2. Жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзөт | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 30%ды түзөт |
";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-4-тиркемелери ушул Жарлыктын 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кадрлар резервин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны резервге киргизилүүчү талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.