Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2023-жылдын 14-декабры № 1702-VII
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү
жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу
органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 260-VIII, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 471-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтому менен жактырылган, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги бекитилсин (тиркелет).
2. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төраганын орун басары | Н.А.Азыгалиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна тиркеме |
Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү
укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 260-VIII, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 471-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти.