Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 30-апрели № 471-VIII

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна

ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 1702-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:

 

1) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

«10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.»;

 

2) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

«13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.»;

 

3) 16, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 18-майында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7721 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төраганын биринчи

орун басары

 

М.К. Алиев