Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 471
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкета 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине кезектеги жылга Статистикалык программада, анын ичинде отчеттук жарым жылдыкта Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөөнү кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн "Калктын ишеним индекси" өлчөөнүн натыйжаларын алуу үчүн калкты сурамжылоонун жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн натыйжаларды, көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана сунуштамаларды камтыган аналитикалык кат берсин;
- жыл сайын, 1-майдан жана 1-ноябрдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жана алар менен байланышкан функциялык ыйгарым укуктарды эске алуу менен Типтүү анкета берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө боюнча сурамжылоо жүргүзүүгө байланышкан иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн ТИПТҮҮ АНКЕТА
Купуялуулук кепилденет
Калктын ишеним индекси | |||||||||||||||
Коду | 4 | 1 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Анкетанын номери |
| ||||||||||||||
Интервью алуучу | Аты-жөнү | ||||||||||||||
коду | |||||||||||||||
Сурамжылоо жүргүзүлүүчү жер 1. Район 2. Айылдык аймак 3. Шаар/айыл 4. Дареги 5. Респонденттин аты | |||||||||||||||
Интервью күнү | күнү/айы/жылы/ | ||||||||||||||
Саламатсызбы!
Менин атым ____________________________________________________________________.
Мен (сурамжылоо жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы) иштейм. Биз өлкөнүн жашоочуларына социологиялык сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгары укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын иши жөнүндө Сиздин пикириңиз бизди кызыктырат. Бир нече суроого жооп берүүңүздү суранам. Бул болжол менен Сиздин 40 мүнөт убактыңызды алат. Сиздин жоопторуңуз купуялуулук негизде жана жалпыланган түрдө гана колдонуларына толук ишенсеңиз болот. Эгерде Сизде кандайдыр бир суроо же сын пикир пайда болсо, аларды Сиз мага билдирсеңиз же телефонго чалып айтсаңыз болот:
_________________________________________________