Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун (мындан ары - КССУИ) иш тартибин аныктайт.
2. КССУИнин финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде эсептик жана башка эсептери, тегерек мөөрү жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штампы бар жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашыруучу мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
3. КССУИ мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, мыйзамдарда белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. КССУИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саламаттыкты сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. КССУИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. КССУИнин иши саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. КССУИнин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч., 34.
8. КССУИнин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту";
- расмий тилде: "Национальный институт общественного здоровья при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ КССУИ";
- расмий тилде: "НИОЗ МЗ КР".
2-глава. КССУИ максаты жана милдеттери
9. КССУИ максаты болуп калктын жана мамлекеттин муктаждыктарына багытталган медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөө, билим берүү (дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү), практикалык, профилактикалык жана өндүрүштүк ишти жүргүзүү аркылуу ден соолукту коргоо, чыңдоо жана оорулардын алдын алуу боюнча саясатты жана практиканы илимий жактан негиздөө жолу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. КССУИ милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) координациялоо боюнча илимий-практикалык жана билим берүү ишин жүргүзүү: инфекциялык контролдоо системалары, медициналык калдыктарды башкаруу, лабораториялык диагностиканы жакшыртуу, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөө, моделдөө, коомдук жана практикалык саламаттык сактоо жаатындагы чакырыктарды болжолдоо;
4) коомдук ден соолук жана саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнүн медицинасы, эмгек медицинасы; инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын проблемалары жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташуу;
5) ординатура, магистратура, кошумча кесиптик билим берүү курстары жана күндүзгү, сырттан аспирантура, докторантура, изденүүчүлүк, PhD, DSc, анын ичинде коммерциялык негизде гигиена, эпидемиология, коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо, эмгек медицинасы, социология медицинасы, лабораториялык иш, микробиология жана вирусология жана башка адистиктер боюнча илим аркылуу практикалык саламаттык сактоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруу;
6) практикалык саламаттык сактоо системасы үчүн ден соолук мамлекеттик саясатын түзүүдө илимий изилдөөлөрдүн жана иштелмелердин жыйынтыктарын ишке киргизүү боюнча координациялоо жана интеграциялоо ишин жүргүзүү;
7) ден соолукту сактоого жана чыңдоого, өмүрдү узартууга, сергек жашоо образын жайылтууга, оорулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;
8) ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды, техникалык регламенттерди, коомдук ден соолук жана практикалык саламаттык сактоо программаларын иштеп чыгуу жана талдоо;
9) изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эл аралык биоэтикалык ченемдердин жана талаптардын принциптерин сактоо жана жайылтуу;
10) изилдөөлөрдө илимий жана этикалык ченемдерди сактоо менен улуттук жана эл аралык коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо саясатын эске алуу менен программаларды, илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
11) коомдук ден соолук жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди пландоо, ошондой эле биологиялык, химиялык, радиациялык коопсуздуктун тобокелдиктерин илимий болжолдоо жана моделдөө;
12) айлана-чөйрөнүн гигиенасынын артыкчылыктуу багыттары, климат, калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча эл аралык жана секторлор аралык кызматташууну өнүктүрүү;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткаруу.