Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-марты № 26
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас, Сүлүктү, Баткен шаардык, Баткен, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Тоң, Жайыл жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 12.02.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.03.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 15.03.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 14.03.2024-ж. № 4, № 5 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык жана Кызыл-Тоо айылдык кеңештери боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 15.03.2024-ж. № 7, № 8 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештери боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 05.03.2024-ж. № 3 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 14.03.2024-ж. № 1 - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 18.03.2024-ж. № 10, № 11 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 01.03.2024-ж. № 5, 18.03.2024-ж. № 7 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Чечимдер «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу кабыл алынган.
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 05.03.2024-ж. № 3, 13.03.2024-ж. № 4 - Талас облусунун Талас районундагы Айдаралиев айылдык кеңеши боюнча;
Чечимдер «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.03.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 15.03.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 14.03.2024-ж. № 5 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 15.03.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 18.03.2024-ж. № 7 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас, Сүлүктү, Баткен шаардык, Баткен, Өзгөн, Токтогул, Аксы Тоң, Жайыл жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баткен шаардык, Баткен, Өзгөн, Токтогул жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Талас, Сүлүктү, Баткен шаардык, Баткен, Өзгөн, Токтогул, Аксы Тоң, Жайыл жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Талас, Сүлүктү, Баткен шаардык, Баткен, Өзгөн, Токтогул, Аксы Тоң, Жайыл жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы № 26 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
1. | Айдаралиев айылдык (№ 2 Каракол шайлоо округу) | Жолдошов Уланбек Молдогазиевич | Талас АШК, № 3, 05.03.2024-ж. (Айдаралиев а/к 05.01.2024-ж. № 23 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (6 жолу) |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
2. | Сүлүктү шаардык | Жайнаков Руслан Мажитович (10) «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 3, 12.02.2024-ж. (01.02.2024-ж. өз арызы) |
Баткен шаары | |||
3. | Баткен шаардык | Аширов Азамат Абдашимович (16) «Ала-Тоо Кыргыз жери» депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 3, 16.03.2024-ж. (11.03.2024-ж. өз арызы) |
Баткен району | |||
4. | Суу-Башы айылдык (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) | Анарбай уулу Данияр | Баткен АШК, № 3, 15.03.2024-ж. (29.02.2024-ж. өз арызы) |
5. | Суу-Башы айылдык (№ 2 Кара-Токой шайлоо округу) | Абдираимова Айсалкын Пайзиллаевна | Баткен АШК, № 3, 15.03.2024-ж. (14.03.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
6. | Өзгөн шаардык | Рахимов Равшанбек Инамжанович (11) «Ата-Журт-Кыргызстан» депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 4, 14.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
7. | Кетмен-Дөбө айылдык (№ 1 Терек-Суу шайлоо округу) | Стамалиева Кенжебү Алишевна | Токтогул АШК, № 7, 15.03.2024-ж. (13.03.2024-ж. өз арызы) |
8. | Кызыл-Өзгөрүш айылдык (№ 1 Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу) | Сатаров Муратбек Окушович | Токтогул АШК, № 8, 15.03.2024-ж. (11.03.2024-ж. өз арызы) |
Аксы району | |||
9. | Кара-Суу айылдык (№ 1 Кезарт шайлоо округу) | Акбалаева Чипаркан Орозбековна | Аксы АШК, № 3, 05.03.2024-ж. (29.02.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
10. | Күн-Чыгыш айылдык (№ 3 Боконбаев-клуб шайлоо округу) | Самыйбек уулу Аскар | Тоң АШК, № 1, 14.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
11. | Кара-Балта шаардык | Абышев Эржан Ковланович (2) «Ишеним» депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 10, 18.03.2024-ж. (27.02.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
12. | Нарын шаардык | Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович (6) «Ордо» депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 5, 01.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |