Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-августундагы № 464, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
1) толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат”;
– расмий тилде: “Служба по земельному и водному надзору при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”;
2) кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Жерсуукөзөмөл кызматы”;
– расмий тилде: “Служба земводнадзора”.
6. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүргүзөт, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты
7. Кызматтын максаты Кыргыз Республикасынын жер жана суу мамилелери жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоону камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу болуп саналат.