Загрузка документа…
17-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республкасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин (мындан ары – Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) балык чарбасын өнүктүрүүнүн, аквакультура, балык өстүрүүчүлүк, өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарына мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
6. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти”;
– расмий тилде: “Департамент рыбопромышленного комплекса при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”;
2) Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “БӨЖКД”;
расмий тилде: “ДРПК”.
Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
7. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер, коомдук уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.