Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишинин тартибин аныктайт. Институт калыбына келтирүүчү (реабилитациялык) медицина, курортология, физиотерапия жана спорттук медицина жаатында жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен адистештирилген медициналык-санитардык жарам берүүчү, дарылоо-профилактикалык ишти, медицина жаатында илимий, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү тегерек мөөрү жана штампы бар, саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
3. Институт жарандык мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
6. Институттун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
7. Институттун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
8. Институттун юридикалык дареги: 724329, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Больничный көчөсү, 23.
9. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт курортологии и восстановительного лечения при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККжККДИИИ";
- расмий тилде: "КНИИКиВЛ".
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
10. Институттун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардамдарды берүү, ошондой эле Институттун профили боюнча илимий-изилдөө жана билим берүү ишин, өндүрүш ишин жүргүзүү, Институттун профили боюнча өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Институттун милдеттери:
1) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) медициналык реабилитациялоо, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам берүү;
3) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү жана илимий өндүрүштү колдоо;
4) илимий-изилдөө иштеринде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
5) инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен кызматташуу;
6) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык даярдоо жана кайра даярдоо, анын ичинде чет өлкөдө даярдоо жана кайра даярдоо, изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү;
7) далилденген медицинанын принциптерин колдонуу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
8) Институттун профили боюнча медициналык илимди өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо жана иштеп чыгуу, Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу максаттарына ылайык изилдөөлөрдү координациялоо жана болжолдоо;
9) Кыргызстандын табигый дарылык байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу;
10) илимий кызматкерлердин, дарыгерлердин, медициналык айымдардын жана калыбына келтирүүчү медицинанын, медициналык реабилитациялоонун жана курортологиянын башка адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-методикалык иштерди жүргүзүү, саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык уюмдарына жана санаториялык-курорттук мекемелерге уюштуруу-методикалык жардам көрсөтүү;
11) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо жана курортология маселелери боюнча илимий изилдөөлөр жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
12) жаңы дарылоо факторлорун издеп табуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу;
13) дарылоочу фактордун таасир көрсөтүүчү механизмдеринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө, клиникалык сыноо жана корутунду берүү;
14) климатты жана табигый дарылоо факторлорун изилдөө, илимий негиздөө жана ар кандай ооруларды профилактикалоо жана дарылоо үчүн аларды пайдаланууга сунуштарды берүү.
12. Институттун функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын ооруга чалдыгуусун, өлүмгө учуроосун жана майып болуусун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын ишке ашырат;
2) Институттун ишинин профили боюнча диагностика жүргүзөт жана калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтөт;
3) күнү-түнү кароону талап кылган, акы төлөнүүчү же мамлекет тарабынан каржыланган ооруканада узак мөөнөткө чейин калыбына келтирүүчү жана реабилитациялоочу дарылоо жүргүзөт;
4) айкалышкан ыкмалар менен дарылоо жүргүзөт жана консультация берет (физио-бальнео процедуралар, ийне саюу, ден соолукту чыңдоочу же дарылоочу укалоо ж.б.) дарылоону көрсөтөт;
5) дарылоочу-диагностикалоочу изилдөөлөрдү жүргүзөт;
6) калыбына келтирүүчү жана реконструктивдик ортопедиялык операцияларды жүргүзөт;
7) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
8) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында изилдөө программаларын жана жыйынтыктарын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
9) Институттун профили боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышат:
10) Институттун материалдык базаны өркүндөтүү жана кадрлардын даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизет;
11) изилдөөлөрдүн жана практикалык иштин багыттары боюнча аймактык маалымат банктарын түзөт;
12) калктын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
13) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина, ошондой эле медицинанын чектеш тармактарында илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
14) Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдайт;
15) адистиги боюнча иштөө укугуна сертификат берүү менен бюджеттик жана акы төлөө негизинде калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында адистерди окутат, анын ичинде дипломдон кийин окутат;
16) дарыгерлердин жана медициналык айымдардын квалификациясын жогорулатат, даярдайт жана кайра даярдайт;
17) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
18) Институттун профили боюнча эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрөт, маалымат алмашат, кызматташууну жүзөгө ашырат, саламаттык сактоо уюмдарынын адистерин өз ара алмашат;
19) Институттун профили боюнча съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурат жана жүргүзөт;
20) басма ишин жүзөгө ашырат;
21) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун бекитүүсүнө "Кыргыз Мамлекеттик Стандарты" стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча илимий-изилдөө, илимий-техникалык иштерди, пайдалуу кен катары жаратылыш суусуна (жер астындагы, булактан жана скважинадан) бальнеологиялык корутунду иштеп чыгуу жана берүү үчүн илимий-изилдөө (сыноо) иштерин, ошондой эле жеке (юридикалык) жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде дарылоо үчүн колдонууга жаратылыш сууларына, ылайга, чопого, туз породасына физикалык-химиялык жана органолептикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Институттун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн иштин башка түрлөрүн аткарат.