Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилди) |
Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу
булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө
№ _________________ типтүү келишим
Бишкек ш. | 20___-ж. ___________________ |
Мындан ары "Берүүчү" деп аталуучу ___________________________ (ЭКБ субъектинин аталышы) атынан, _____________________________ негизинде иштөөчү (ыйгарым укуктардын пайда болушунун негизин көрсөтүү) ______________________________ (кызмат ордун жана фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо) көрсөтүү), бир тараптан,
Мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК атынан, _________________________ негизинде иштөөчү (ыйгарым укуктарынын пайда болушунун негизин көрсөтүү) ________________________ (кызмат ордун жана фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо) көрсөтүү), экинчи тараптан,
жана ________________________________ негизинде иштөөчү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси, мындан ары "Фонд" деп аталып, үчүнчү тараптан (эгерде колдонууга мүмкүн болсо),
биргеликте "Тараптар", өз-өзүнчө "Тарап" деп аталып,
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) эске алуу менен,
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 01-13/214 буйругун аткаруу үчүн,
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары - Келишим) түздү:
1. Терминдер жана аныктамалар
1.1. Келишимдин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат, алар төмөнкүдөй мааниге ээ болот жана чечмеленет:
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасы (ЭКЭАМӨС) - адистештирилген, метрологиялык аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен турган, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, коммерциялык эсепке алуу маалыматтарын берүүнү, аны иштеп чыгууну, анын ичинде ишенимдүүлүгүн баалоону, маалымат алмашуу мүмкүндүгүн автоматтык режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берген система. ЭКЭАМӨС электрондук кол тамганы пайдаланууну кошкондо документтештирүү системасы менен толукталышы мүмкүн;
эсептешүү борбору - электр энергиясынын өтүшү жана жоготуулары боюнча маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын баланстарын түзүү, электр энергиясы рыногунун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле электр энергиясы рыногунун катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык системаны пайдалануу менен кызматтарды көрсөтүүчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак;
электр энергиясын берүү актысы - Тараптар кол койгон, белгилүү бир эсептөө мезгилинин ичинде ЭКБ-орнотмосунун муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын көлөмүн чагылдырган жана ошол эсептөө мезгилинде Сатып алуучу тарабынан берилген электр энергиясынын сапатына жана көлөмүнө, ал эми Берүүчү тарабынан - ЭКБ-орнотмосунун муктаждыктары үчүн электр энергиясынын сапатына жана көлөмүнө карата дооматтардын жоктугун ырастаган документ;
банктар - Долбоорду каржылоочу финансылык институттар же эл аралык уюмдар;
тарифтин валютасы - кыргыз сому;
ЭКБ объекти - Кыргыз Республикасынын __________________________ облусунун __________________ районунун ____________ айыл өкмөтүндөгү кубаттуулугу __________________ МВт ____________________ электр станциясы;
финансылык кепилдик - Фонддун финансылык кепилдик милдеттенмеси, ага ылайык ушул Келишимде каралган бардык, анын ичинде төлөм милдеттенмелери (эгер колдонууга мүмкүн болсо) камсыз кылынат;
баланстык таандык чеги - Берүүчү менен Сатып алуучунун ортосунда электр энергетика объекттерин менчик, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу белгиси боюнча бөлүштүрүү чеги, ал Келишимдин 6.7-пунктуна ылайык ЭКБ-орнотмосуна түздөн-түз жакын жайгашкан туташтыруу орнотмолорун Сатып алуучуга өткөрүп берүүнүн жыйынтыгы боюнча биротоло аныкталат;
коммерциялык эксплуатациялоо башталган дата - бардык төмөнкү шарттар аткарылган дата, бул жыйынтыгында Берүүчүгө Сатып алуучунун аны кабыл алуусу үчүн берүү түйүнүнө электр энергиясын берүүнү баштоого мүмкүндүк берет:
а) Берүүчү тарабынан ЭКБ-орнотмосун Кыргызстандын Улуттук электр тармагына технологиялык туташтыруу бөлүгүндөгү милдеттенмелер аткарылганда;
б) Берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон лицензиялар, уруксаттар алынганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭКБ-орнотмосун эксплуатациялоого киргизүү үчүн талап кылынуучу башка документтерге кол коюлганда;
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу - берүү түйүнүнө берилген жана кабыл алынган электр энергиясынын санын өлчөө натыйжаларын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү, ошондой эле мындай натыйжалардын негизинде Тараптардын өз ара эсептешүүлөрүндө пайдаланылуучу ЭКБ-орнотмосунун муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын көлөмдөрүнүн маанилерин түзүү боюнча иш-аракеттердин жыйындысы;
коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттары - Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тууралыгын контролдоо үчүн пайдаланылуучу электр энергиясын эсепке алуунун жана сапатын контролдоонун метрологиялык аттестацияланган өлчөө түзүлүштөрүнүн жана приборлорунун жыйындысы. Коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттары коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарын алмаштыра алат (алар иштен чыккан учурда) жана ЭКЭАМӨСке интеграцияланууга тийиш. Коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарын орнотуу жерлери, алардын мүнөздөмөлөрү, эсептегичтердин номерлери жана алардын тиешелүүлүгү коммерциялык эксплуатациялоо башталган датага чейин Тараптар тарабынан аныкталат;
кредиттик милдеттенмелер - Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу зайымдык каржылоо боюнча карызды төлөө боюнча Берүүчү менен бир топко кирген Берүүчүнүн же компаниянын банктардын алдында кредиттик келишимдердин алкагындагы негизги карызды, сый акыларды, комиссияларды, айыптарды, туумдарды, бышманаларды жана башка колдонулуучу төлөмдөрдү камтыган милдеттенмелери;
электр энергиясын берүүнүн пландалган көлөмү - эсептөө мезгилдери боюнча такталган бир календардык жылга Берүүчү тарабынан электр энергиясын берүү түйүндөрүнө берүүнүн пландалган көлөмү;
берилген электр энергиясы - Берүүчү тарабынан иш жүзүндө берилген жана Сатып алуучу тарабынан берүү түйүнүндө кабыл алынган электр энергиясы;
ЭКБ объектин эксплуатациялоо эрежелери - Берүүчү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген ЭКБ объектин эксплуатациялоо эрежелери, алар ЭКБ объектинин эсептик параметрлерине жана башка талаптарга жана стандарттарга негизделүүгө жана ЭКБ объекти үчүн жабдууларды Берүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр тарабынан алардын эксплуатациялоо боюнча колдонмолорунда көрсөтүлгөн же сунушталган эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө эрежелерин камтууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана алдынкы эл аралык практикага ылайык келүүгө, Берүүчү менен Сатуучунун ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруунун деталдуу жол-жоболорун камтууга тийиш;
кабыл алуучу энергетикалык инфраструктура - _____________________________________;
долбоор - Кыргыз Республикасынын ______________________ облусунун ______________ районунун _______________ айыл аймагында кубаттуулугу ____________________ МВт _____________________ электр станциясын (станциянын түрү көрсөтүлөт) куруу;
жумуш күнү - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жумуш күн болуп саналган күн;
эсептөө мезгили - айдын 1 (биринчи) күнү Бишкек убактысы боюнча саат 05:00дөн баштап, кийинки айдын 1 (биринчи) күнү Бишкек убактысы боюнча саат 04.59да (кошуп алганда) аяктаган бир календардык айга барабар болгон ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген жана электр энергиясынын көлөмү эсепке алынган убакыт мезгили. Келишим боюнча биринчи эсептөө мезгили коммерциялык эксплуатациялоо башталган датадан тартып, кийинки айдын 1 (биринчи) күнү Бишкек убактысы боюнча саат 04.59да (кошуп алганда) аяктайт;
коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттары - Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген, электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу жана анын сапатын контролдоо үчүн багытталган жана ЭКЭАМӨСке интеграцияланууга тийиш электр энергиясын эсепке алуунун жана сапатын контролдоонун метрологиялык аттестацияланган өлчөө түзүлүштөрүнүн жана приборлорунун жыйындысы. Коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарын орнотуу жерлери, алардын мүнөздөмөлөрү, эсептегичтердин номерлери жана алардын тиешелүүлүгү коммерциялык эксплуатациялоо башталган датага чейин Тараптар тарабынан аныкталат;
чектөө режими - техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна алып келүүчү энергетикалык системанын иштөө режими;
системалык оператор - борборлоштурулган оперативдик-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашыруучу, башка мамлекеттердин энергетикалык системалары менен параллелдүү иштөөнү, энергетикалык системанын тең салмактуулугун сактоону, системалык кызматтарды көрсөтүүнү, ошондой эле электр энергиясын улуттук электр тармагы боюнча берүүнү, аны тейлөөнү жана эксплуатациялоого даярдыкта кармоону камсыз кылуучу компания;
техникалык мүмкүндүк - Сатып алуучунун электр тармагын бүтүндөй жана анын айрым бөлүктөрүнүн туруктуу иштөө режимин белгилөөгө же кармап турууга жөндөмдүүлүгү (артыкчылыктуу тартипте өзүнүн диспетчердик графигине Берүүчүдөн электр энергиясын берүүнү киргизүүнү эске алуу менен), ал ЭКБ объекти тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясынын максималдуу мүмкүн болгон көлөмүн Сатып алуучунун кабыл алуусуна, ал эми Берүүчүнүн берүүсүнө мүмкүндүк берет;
берүү түйүнү - ЭКБ объектин энергияны берүүчү уюмдун электр тармактарына туташтыруу түйүнү, ошондой эле Келишим боюнча Тараптардын ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясы жана электр энергиясы бөлүгүндөгү баланстык таандык чеги менен ылайык келген милдеттенмелерин аткаруу орду;
туташтыруу түзүлүштөрү - Берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук электр тармагына кошууга техникалык шарттарды аткаруу боюнча анын милдеттенмелерин аткаруунун алкагында ЭКБ объектин Сатып алуучунун электр тармактарына туташтыруу максаты үчүн белгиленүүчү бардык техникалык каражаттардын мүлктүк комплекси;
баа - ушул Келишим түзүлгөн датага карата ушул Келишимдин 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн чоңдукту түзүүчү жана "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте чет өлкө валютасынын улуттук валютага карата алмашуу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен жыл сайын индексацияланууга тийиш болгон, кыргыз сому менен аныкталган 1 кВт* саат электр энергиясынын учурдагы эсептөө мезгилинде колдонулуучу баа;
ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн электр энергиясы - ЭКБ объектинин туруктуу жана коопсуз иштеши, анын өздүк жана чарбалык муктаждыктарын камсыздоо үчүн зарыл болгон, Сатып алуучу тарабынан иш жүзүндө өткөрүлүп берилген жана берүү түйүнүндө Берүүчү тарабынан кабыл алынган электр энергиясы;
1.2. Келишимде колдонулган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечмеленет.
2. Келишимдин предмети
2.1. Келишимге ылайык Берүүчү ушул Келишимде каралган шарттарда техникалык мүмкүнчүлүккө ылайык келген, бирок электр станциясы тарабынан ___________________ иштелип чыккан (орнотмонун түрүн көрсөтүү) жана өздүк жана чарбалык муктаждыктар үчүн керектелбеген бардык электр энергиясынын 50 (элүү) пайызынан кем эмес көлөмдөгү электр энергиясын Сатып алуучуга берет жана сатат, ал эми Сатып алуучу Берүүчүдөн кабыл алат жана сатып алат.
Тараптар Сатып алуучунун иштелип чыккан, бирок ЭКБ объекти тарабынан өздүк жана чарбалык муктаждыктар үчүн керектелбеген электр энергиясынын 50 (элүү) жана андан ашык пайызын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, Берүүчү Сатып алуучу тарабынан сатып алынбаган электр энергиясын келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сата тургандыгына макулдугун билдирет.
ЭКБ объекти тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясы Сатып алуучу тарабынан ________________ жылдын ичинде (мезгил "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык көрсөтүлөт) коммерциялык эксплуатациялоо башталган датадан тартып сатылып алынат.
2.2. Келишимди түзүү учурунда ЭКБ объекти тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуу баасы (тарифи) ____________ сом/кВт саатты түзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата алмаштыруу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен жыл сайын индексацияланууга тийиш (_______________ тарифти индексациялоо тартибин жана методикасын аныктаган ченемдик документтин жоболоруна ылайык келген валютанын түрү көрсөтүлөт).
2.3. Электр энергиясын берүүнүн пландалган көлөмү Тараптар тарабынан коммерциялык эксплуатациялоо башталган датага чейин макулдашылат жана Келишимдин 2.4-пунктунун шарттарын эске алуу менен Келишимдин бүткүл колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ар бир календардык жыл үчүн жарактуу болот.
2.4. Берүүчү жыл сайын 1-октябрга чейин ЭКБ объектинин жылдык өндүрүү коэффициентин эсепке алуу менен (эгерде колдонууга мүмкүн болсо) жана ар бир эсептөө мезгили боюнча 10%дан ашык эмес чектүү өзгөртүү менен айларга бөлүштүрүлгөн келерки жылга электр энергиясын иштеп чыгуунун жана Сатып алуучунун тармагына берүүнүн пландалган (болжолдуу) көлөмүн актуалдаштырат жана берет, Сатып алуучуга Келишимдин 12-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте жана дарек боюнча электр энергиясын берүүнүн актуалдуу пландалган көлөмүн тиркөө менен кабарлоону жөнөтөт.
Тараптар Келишимдин максаттары үчүн электр энергиясын иштеп чыгуунун жана берүүнүн мындай актуалдаштырылган пландык (болжолдуу) көлөмү мындай кабарлоо жөнөтүлгөн жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып колдонулат деп макулдашты.
2.5. Берүүчү ЭКБ-электр энергиясын менчик чегине -бөлүштүрүүчү түзүлүшкө (мындан ары - БТ) берүүнү жүзөгө ашырат, ал эми Сатып алуучу ушул Келишимдин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Тараптардын менчик чеги болуп саналган, ЭКБ-электр энергиясын ЭКЭАМӨС коммерциялык эсепке алуу каражаттары менен жабдылган, "КУЭТ" ААКтын жана Эсептешүү борборунун МТИБСнын ЭКЭАМӨС системаларына интеграцияланган түйүндөрдөгү электр тармагынын туташууларында Сатып алуучунун менчигинде турган ар бир туташуу боюнча белгиленүүчү кубаттуулуктун техникалык шарттары менен уруксат берилген өлчөмдөрдө ЭКБ-электр энергиясын кабыл алат.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
3.1.1. Сатып алуучунун жана (же) Берүүчү менен электр энергиясын берүү боюнча келишимдик мамилелерде болгон үчүнчү жактардын коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарына Келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоо, анын ичинде ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын сапатын контролдоо жана санын эсепке алуу үчүн сутканын жумуш убактысында жана жүктөмдүн эң жогорку саатында Сатып алуучуга 48 саат мурда кабарлоо менен Сатып алуучунун өкүлүнүн катышуусунда тоскоолсуз кирүүгө;
3.1.2. Келишимдин 12-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте жана дарек боюнча 5 (беш) календардык күн мурда Сатып алуучуга милдеттүү түрдө кабарлоо менен ЭКБ объекти тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын төмөнкүдөй учурда толук же жарым-жартылай берүүнү токтотууга:
а) Берүүчүнүн өкүлдөрүнө Сатып алуучунун коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарына катары менен 3 (үч) жолудан ашык кирүүгө жол бербөө;
б) Сатып алуучунун күнөөсү менен электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 359 "Электр коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген талаптарды бузуучу маанилерге чейин төмөндөтүү;
в) документтик негизделген себептер боюнча Келишимдин 3.4.4-пунктуна ылайык оңдоо жана/же кайра туташтыруу мөөнөттөрүнө карата Сатып алуучу менен макулдашууга жетишпөө;
д) Берүүчүгө электр энергиясын берүүдө Келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарууга мүмкүндүк бербеген Сатып алуучунун персоналынын туура эмес иш-аракеттери же жабдууларынын туура эмес иштеши;
3.1.3. ЭКБ объектин курууну жана ишке киргизүүнү каржылаган кредиторлорго өзүнүн учурдагы жана келечектеги укуктарын жана Келишимден келип чыккан Сатып алуучуга карата талаптарын Сатып алуучуга талап кылуу укуктарын өткөрүп берүүнүн тиешелүү келишими түзүлгөн учурдан тартып 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде кабарлоо менен өткөрүп берүүгө;
3.1.4. ЭКБ объекти ошол эле жакка ээликтен ажыратылган учурда Келишим боюнча өз укуктарын кандай болбосун үчүнчү жактарга күрөөгө берүүгө же Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин толугу менен үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө;
3.1.5. Берүүчүнүн же Берүүчү менен бир топко кирген компаниялардын кредиттик милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн Келишим боюнча өз укуктарын кандай болбосун үчүнчү жактарга күрөөгө берүүгө;
3.1.6. Сатып алуучу менен алдын ала макулдашылган көлөмдө ЭКБ объектинин кубаттуулугун этап-этабы менен эксплуатациялоого киргизүүгө;
3.1.7. Келишимдин 3.6.1-пунктуна ылайык Фонд тарабынан Берүүчүгө берилген, ушул Келишимге ылайык мамлекеттик кепилдик (же аккредитив) менен камсыз кылынган Келишим боюнча кандай болбосун милдеттенмелер Сатып алуучу тарабынан бузулган учурда, Фондго бузулган милдеттенмени аткаруу жөнүндө талап коюуга.
3.2. Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
3.2.1. Ушул Келишимдин алкагында ЭКБ объектин куруу мезгилинде:
а) технологиялык туташтырууга техникалык шарттарда каралган мөөнөттө мурда эксплуатацияланбаган генерациялоочу орнотмолорду колдонуу менен Келишимдин предметинин талаптарына ылайык электр энергиясын иштеп чыгуу жана Сатып алуучуга берүү максатында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объектти курууга жана эксплуатациялоого киргизүүгө;
б) Келишимдин 3.2.1-пунктунда каралган милдеттенмени аткаруунун кепилдиги катары ушул Келишимге кол коюлган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Фондго Келишимди аткаруу үчүн ______________ сом же Долбоорго инвестициялардын пландалган суммасынын 2%ы өлчөмүндө финансылык кепилдик берүүгө;
в) ЭКБ объектин жана/же туташтыруу түзүлүштөрүн куруу башталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Сатып алуучуга жана Фондго ЭКБ объектинде куруу-монтаждоо иштеринин башталышы жөнүндө кабарлоону берүүгө;
г) Сатып алуучунун суроо-талабы боюнча Тараптар макулдашкан мөөнөттө ЭКБ объектинин курулушунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө;
д) Сатып алуучуга ЭКБ объектинде электр энергиясын коммерциялык жана техникалык эсепке алуу приборлорунун схемасын камтыган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу схемасын кабыл алуу актысын макулдашуу үчүн ЭКБ объектин комплекстүү сыноо башталганга чейин ____________________ жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө;
е) Сатып алуучуга жана Фондго кароо (сыноо) актысынын, технологиялык туташтыруу актысынын жана ЭКБ объектинин баланстык таандыктыгын бөлүштүрүү актысынын (кубаттуулукту этап-этабы менен ишке киргизүү учурунда энергия орнотмолорунун ар бир кезегин комплекстүү сыноонун орто аралык актыларынын) көчүрмөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ЭКБ объектинин жана туташтыруу түзүлүштөрүнүн ишке киргизүүгө даярдыгын ырастоочу башка документтерди берүүгө;
ж) ЭКБ объектин эксплуатациялоо эрежелеринин долбоорун Сатып алуучуга жана энергетикадагы көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга коммерциялык эксплуатациялоону баштоо пландалган датага чейин кеминде 30 календардык күн мурда макулдашууга жана/же бекитүүгө берүүгө;
3.2.2. электр менен камсыздоо системаларындагы электр энергиясынын сапатына стандарттардын талаптарына жана Келишимде каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген шамал энергетикалык орнотмолордун, фотоэлектрдик күн модулдарынын жана алардын топторунун базасындагы генерациялоо объекттерине карата техникалык талаптарга жооп берген сапатта электр энергиясын берүү түйүндөрүнө берүүнү (ЭКБ-орнотмосунун технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында) камсыз кылууга;
3.2.3. ЭКБ объектинин электр орнотмолорун этап-этабы менен эксплуатациялоого киргизүүдө Сатып алуучуга кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ЭКБ объектинин электр орнотмолорун комплекстүү сыноо актысынын көчүрмөсүн берүүгө;
3.2.4. ЭКБ-орнотмосун комплекстүү сыноо башталганга чейин:
а) 10 (он) календардык күн мурда Сатып алуучуга аны менен макулдашылган комплекстүү сыноо программасынын көчүрмөсүн жана ЭКЭАМӨС эксплуатациялоого киргизүү актысынын көчүрмөсүн берүүгө;
б) комплекстүү сыноолор башталганга чейин 5 (беш) жумуш күн мурда Сатып алуучуга 18 разряддуу ЭКЭАМӨС идентификациялык коддорун берүүгө;
3.2.5. Сатып алуучуга Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө чейин келерки операциялык күнгө карата берилүүчү электр энергиясынын болжолдуу көлөмдөрү жөнүндө маалыматты - Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин операциялык суткадан мурдагы суткаларга карата Тараптар менен макулдашылуучу электр энергиясын берүүнүн суткалык графигин жөнөтүүгө;
3.2.6. операциялык сутканын ичинде электр энергиясын берүү көлөмүн ыкчам өзгөртүү зарыл болгон учурда, Берүүчү макулдашуу үчүн Сатып алуучуга оңдоонун чоңдугу жана пландалган сааты жөнүндө маалыматты ыкчам тартипте, бирок берүү пландалган саатка чейин 2 (эки) сааттан кечиктирбестен жөнөтүүгө;
3.2.7. Сатып алуучуга ЭКБ объектинин энергетикалык жабдууларын оңдоо графигин макулдашууга жиберүүгө, аларды оңдоого чыгаруу ЭКБ объекти тарабынан өндүрүлүүчү электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратууга алып келиши мүмкүн;
3.2.8. ЭКБ объектинин өчүшүнө алып келүүчү чектөө режимдерин белгилөөдө чектөө режимдерин тез арада алуу жана ЭКБ объектинин нормалдуу иштөө режимин акылга сыярлык мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүүгө;
3.2.9. берүү түйүндөрүндө орнотулган жана анын балансында турган ЭКЭАМӨС эксплуатациялоого жана тейлөөгө;
3.2.10. Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн талабы боюнча, чектөө режими белгиленген учурда ЭКБ объектинин толук өндүрүшүн андан ары калыбына келтирүү артыкчылыктары менен ЭКБ объектинин кубаттуулугун минималдуу зарыл болгон чоңдукка чектөө боюнча чараларды көрүүгө;
3.2.11. ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн электр энергиясынын аныктамасына кирбеген электр энергиясын Сатып алуучунун тармагынан санкцияланбаган тандап алууну жүзөгө ашырбоого;
3.2.12. Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ЭКБ-орнотмосун утилдештирүүгө жана жер участогун рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
3.2.13. Сатып алуучуга өзүнүн аталышы, юридикалык дареги, иш жүзүндө жайгашкан жери жана Келишимдин шарттарын аткаруу үчүн зарыл болгон башка реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө, банкрот болгондугу же жоюлгандыгы жөнүндө дароо кабарлоого;
3.2.14. Келишимдин 12-беренесине ылайык Келишим боюнча милдеттенмелерди Тараптардын аткаруусуна олуттуу түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ЭКБ объектинин техникалык мүнөздөмөлөрүндөгү кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө Сатып алуучуга билдирүүгө;
3.2.15. эгерде мындай иш-аракеттер же аракетсиздиктер Берүүчүнүн кепилдиктеринин же күбөлөндүрүүлөрүнүн кайсы биринин бузулушуна же адаштырууга алып келиши мүмкүн болсо, кандай болбосун иш-аракеттерди жасабоого же жасоодон баш тартууга.
3.3. Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.3.1. Берүүчүнүн өкүлүнүн катышуусунда сутканын жумуш убактысында жана жүктөмдүн эң жогорку чегинде ЭКБ объектине, Берүүчүнүн жана (же) үчүнчү жактардын коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарына Келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоо, анын ичинен ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын сапатын контролдоо жана көлөмүн эсепке алуу үчүн Берүүчүгө 48 (кырк сегиз) саат мурда кабарлоо менен тоскоолсуз кирүүгө;
3.3.2. Келишимдин 12-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте жана дарек боюнча Берүүчүгө 5 (беш) календардык күн мурда милдеттүү түрдө кабарлоо менен ЭКБ объекти өндүргөн электр энергиясын төмөнкүдөй учурларда алууну толук же жарым-жартылай токтотууга:
а) Сатып алуучунун өкүлдөрүнө Берүүчүнүн коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарына жетүүгө жол бербөө;
б) Берүүчүнүн күнөөсү боюнча электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 359 "Электр коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген талаптарды бузуучу маанилерге чейин төмөндөтүү;
в) ЭКБ объекти тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясын үчүнчү жактарга мүмкүн болгон сатуу же аны ЭКБ объектинин туруктуу жана коопсуз иштеши жана анын жеке жана чарбалык муктаждыктарын камсыз кылуу максатында эмес чыгымдоо боюнча Берүүчү менен макулдашууга жетишпөө;
г) Сатып алуучуга Келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарууга мүмкүндүк бербеген Берүүчүнүн персоналынын туура эмес иш-аракеттери же жабдууларынын туура эмес иштеши;
3.3.3. берилген электр энергиясына акы төлөө боюнча милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга;
3.3.4. чектөө режими белгиленген учурда ЭКБ объектинин кубаттуулугун толук өндүрүүнү андан ары калыбына келтирүү артыкчылыктары менен ЭКБ объектинин кубаттуулугун өндүрүүнү минималдуу зарыл болгон чоңдукка чейин чектөөнү аткарууга;
3.3.5. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу нускамалар, регламенттер, жоболор жана башка колдонулуучу ченемдик техникалык документтер өзгөргөн учурда, Сатып алуучу системалык оператор катары' Берүүчүгө кабарлоо менен, ЭКБ орнотмосунун иштөө режими өзгөргөн учурда кандайдыр бир финансылык же башка компенсациясыз бул документтердин талаптарын аткарууга.
Ушул Келишимге Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга киргизилген нускамаларды, регламенттерди, жоболорду жана башка колдонулуучу ченемдик техникалык документтерди Тараптардын аткаруусу менен байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон учурда, Тараптар мындай өзгөртүүлөрдү Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Келишимге кошумча макулдашууларга кол коюу аркылуу жазуу жүзүндө киргизет.
3.3.6. Сатып алуучу (жана ал тарабынан дайындалган адамдар) каалаган убакта туташтыруучу түзүлүштөрдүн жана ЭКБ объектинин курулушунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө укуктуу. Мындай функцияларды аткарууга Сатып алуучу тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын тизмеси Келишимдин 12-бөлүмүндө каралган тартипте Сатып алуучу менен Сатуучу тарабынан макулдашылат.
3.4. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
3.4.1. берүү түйүнүндө берилген электр энергиясын техникалык мүмкүн болгон көлөмдүн чегинде максималдуу түрдө кабыл алууну камсыз кылуу (анын ичинде Берүүчүдөн электр энергиясын берүүнү анын диспетчердик графигине артыкчылык катары киргизүүнү эске алуу менен);
3.4.2. Сатып алуучунун электр тармагында кабыл алуучу подстанцияга чейин чектөө режими белгиленгенде тиешелүү энергия агымын камсыз кылуучу туташтырууларды кошуунун резервдик схемасын колдонуу менен бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө тиешелүү кайра туташтыруу же чектөө режимин тез арада алып салуу жана энергетикалык жабдуулардын нормалдуу иштөө схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;
3.4.3. кабыл алуучу подстанцияны (кошуу менен) берүү түйүнүнө чейинки участокто Сатып алуучунун электр тармагынын чарбасында чектөө режимин белгилөөдө - чектөө режимин тез арада алып салуу жана ЭКБ объектинин энергетикалык жабдуу объектинин нормалдуу иштөө схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;
3.4.4. Сатып алуучунун алдыдагы календардык жылга электр жабдууларын оңдоонун пландуу графигин жыл сайын Берүүчүгө макулдашуу үчүн берүү, анын оңдоосу берилген электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурашына жана/же чектөөсүнө алып келиши мүмкүн. Мында Сатып алуучу берилген электр энергиясын Сатып алуучунун тармагына кабыл алууну камсыз кылуучу Берүүчү менен макулдашылган резервдик туташууларды кошуу схемаларын пайдалануунун варианттарын берүүгө тийиш. Эгерде Берүүчүнүн алынбай калган пайдасынын келип чыгышына жол бербөө максатында резервдик схемаларды колдонуу мүмкүн болбосо, Сатып алуучу Берүүчү менен биргеликте Сатып алуучунун энергетикалык жабдууларын оңдоо мүмкүнчүлүгүн сактоо менен Берүүчү тарабынан берилген электр энергиясын берүүгө максималдуу мүмкүндүк берүүчү маанисине чейин Сатып алуучунун энергия жабдууларын пландуу оңдоо мезгилинде ЭКБ объектинин жүктөмүн төмөндөтүү жана электр энергиясын иштеп чыгуусун азайтуу варианттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга тийиш;
3.4.5 алдыдагы операциялык суткада саат 10.00гө чейин 3.2.5-пунктуна ылайык түзүлгөн жана жөнөтүлгөн электр энергиясын берүүнүн суткалык графигин макулдашууга кабыл алат.
Электр энергиясын берүүнүн суткалык графигин макулдашуу Тараптар тарабынан алдыдагы операциялык суткага чейин саат 15.00гө чейин жүргүзүлөт;
3.4.6. Операциялык суткага карата өзүнүн жеткирүү-керектөө диспетчердик графиктерин түзүүдө анын ичине артыкчылыктуу тартипте 3.2.5-пунктуна ылайык Берүүчү тарабынан берилген жана Берүүчүгө (3.4.11-пунктуна ылайык) берилген электр энергиясын берүүнүн Тараптар макулдашкан суткалык графигине ылайык кабыл алынган электр энергиясынын көлөмү киргизилет;
3.4.7. Берүүчүдөн электр энергиясын берүүнүн суткалык графигине оперативдүү түзөтүүлөрдү кабыл алуу, эгерде мындай түзөтүү ушул Келишимде белгиленген тартипте Берүүчүдөн жеткирүү убактысына чейин кеминде 2 (эки) саат калганда алынса;
3.4.8. Берүүчүдөн көлөмдөрдү салыштыруу актысын алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ага кол коюу жана аны Берүүчүгө жөнөтүү;
3.4.9. Берүүчүгө анын аталышы, юридикалык дареги, иш жүзүндө жайгашкан жери жана Келишимдин шарттарын аткаруу үчүн зарыл болгон башка реквизиттердин өзгөргөндүгү, ошондой эле кошулуу, банкроттук же жоюу жөнүндө токтоосуз кабарлоо;
3.4.10. эгерде мындай аракет же аракетсиздик анын кандайдыр бир кепилдиктеринин же күбөлөндүрүүлөрүнүн бузулушуна же адаштырууга алып келе турган болсо, кандай гана болбосун аракеттерди кылбоо же жасоодон кармануу;
3.4.11. зарыл болгон учурда жана банктардын талабы боюнча Берүүчүгө зарыл болгон маалыматтарды жана (же) документтерди берүү, ошондой эле Келишимден келип чыгуучу талаптардын укуктарын күрөөгө коюуга келишим(дерди) түзүү үчүн Берүүчүгө талап кылынышы мүмкүн болгон аракеттерди жасоо жана банктардын суроо-талабы боюнча жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Сатып алуучуга карата колдонулуучу маалыматты коргоо талаптарын эске алуу менен, Келишимден жана башка кредиттик-камсыздоочулук документтерин банктар менен тариздөө;
3.4.12. эгерде Берүүчү Сатып алуучунун электр тармагынын энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрүн өчүрүү жөнүндө жүйөлүү талап кылса, мындай өчүрүү үчүн жоопкерчилик тартат жана мындай өчүрүүнү өз эсебинен аткарат;
3.4.13. коммерциялык эксплуатациялоо башталган датадан тартып жана Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Сатып алуучунун ченемдик документтеринде каралган көлөмдө жеткирүү түйүнүндөгү жайгаштырылган тармактын кубаттуулугуна жараша Берүүчүгө ЭКБнын өздүк жана чарбалык муктаждыктары үчүн электр энергиясын акысыз негизде (ушул Келишимдин 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн баа (тариф) боюнча) берүү;
3.4.14. Келишимдин 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча Келишимдин 2.1-пунктуна ылайык коммерциялык эксплуатациялоо башталган датадан тартып __________ (_______________) жылдын ичинде ЭКБ объекти тарабынан өндүрүлгөн жана Берүүчү тарабынан берүү түйүнүнө берилген электр энергиясынын бардык көлөмүн сатып алуу жана төлөө. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата алмашуу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен тарифти жыл сайын индексациялоону жүргүзүү.
3.5. Берүүчү жана Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Тараптар макулдашкан электр энергиясын берүүнүн суткалык көлөмдөрүн оперативдүү өзгөртүү электр энергиясын берүүнүн келишимдик болжолдуу айлык көлөмүн түзөтүүгө алып келбесе, электр энергиясын берүүгө макулдашылган диспетчердик графикти сактоого;
- оперативдик тартипти так сактоого;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу нускамалардын, регламенттердин, жоболордун жана башка колдонулуучу ченемдик техникалык документтердин талаптарын, анын ичинде Берүүчүнүн персоналынын жана Сатып алуучунун ортосундагы жабдууларды оперативдүү тейлөө боюнча мамилелер жөнүндө жободо баяндалган диспетчердик башкаруунун тартибин аткарууга. Жабдууларды оперативдүү тейлөө боюнча Берүүчүнүн персоналынын жана Сатып алуучунун ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө бул жобо Тараптар коммерциялык эксплуатация башталганга чейин тиешелүү кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен макулдашылат, ал Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3.6. Фонд (эгерде колдонулса):
3.6.1. Фонд менен Берүүчүнүн ортосундагы өзүнчө макулдашууга кол коюу жолу менен Берүүчүгө Фонддун мыйзамдуу, жарактуу жана аткарыла турган финансылык кепилдик милдеттенмесин (банк кепилдиги же резервдик аккредитив, Сатып алуучунун Келишимде каралган бардык милдеттенмелерин (анын ичинде төлөмдү) шартсыз жана кайтарылгыс камсыздоого финансылык кепилдик) берет.
Ушул Келишимдин алкагында Фонддун финансылык кепилдик милдеттенмесине ылайык электр энергиясына төлөм жүргүзүү боюнча Сатып алуучунун Келишимде каралган милдеттенмелери камсыз кылынат.
Фонддун кепилдик милдеттенмесинин өлчөмү мындай жыл үчүн орточо айлык берүү көлөмүнүн эсебинен ЭКБ коммерциялык эксплуатациялоо башталган датадан тартып календардык жылдын 3 (үч) айына электр энергияны берүүнүн пландалган (болжолдонгон) көлөмүн төлөө суммасы катары аныкталган ____________________ сомду түзөт;
3.6.2. Эгерде Берүүчү Келишимдин 3.2.1-пунктунда каралган милдеттенмелерди толук аткарган учурда 3.2.1-пунктуна ылайык коммерциялык эксплуатация башталган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен милдеттенмелердин аткарылышынын кепилдиги катары алынган акча каражаттарды кайтарып берет.
4. Берилген электр энергиясынын эсепке алуу жана
Берүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы эсепке алуу
маалыматтарын маалыматтык алмашуу тартиби
4.1. ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын көлөмү ар бир эсептөө мезгили үчүн эсептөө мезгилинен кийинки биринчи күнү Бишкек убактысы боюнча саат 05.00гө карата (UTC+1) ЭКЭАМӨС маалыматтары боюнча аныкталат. Электр энергиясынын көлөмү төлөнүүгө тийиш болгон коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана башка жабдууларынын иште үзгүлтүккө учурашынан же иштен чыгышынан улам Берүүчү менен Сатып алуучунун эсепке алуу приборлорунун ортосунда берүү түйүнүнө берилген электр энергиясынын көлөмү жөнүндө маалыматтарда кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар биргелешип түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталат.
4.2. Ар бир эсептөө мезгили үчүн ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын көлөмү 3-тиркемедеги форма боюнча таризделген жана Тараптар ага эсептөө мезгили аяктаган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кол коюуга тийиш болгон электр энергиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен ырасталат.
ЭКБ объектинин муктаждыктары үчүн берилген электр энергиясынын жана электр энергиясынын көлөмүнүн сальдосу электр энергиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында чагылдырылат жана Тараптар тарабынан 2.2-пунктуна ылайык тариф боюнча төлөнүүгө тийиш болгон эсептөө мезгили үчүн берилген электр энергиясынын акыркы көлөмү катары кабыл алынат.
4.3. 3-тиркеменин формасы боюнча Тараптар кол койгон электр энергиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары Тараптардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
4.4. Тараптардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулуучу коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын, коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарынын жана ЭКЭАМӨС бардык электр чынжырлары, ошондой эле кысуучу топтомдор, ток жана чыңалуу трансформаторлорунун коммутациялык аппараттары Тараптар тарабынан комиссиялык пломбаланууга тийиш, ар бир Тараптын өкүлү тарабынан өзүнүн бир жолку пломбасын коёт жана Тараптар койгон пломбалардын номерлерин көрсөтүү менен тиешелүү акт түзүлөт.
4.5. Келишимдин 3.1.1 жана 3.3.1-пункттарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарына жол берилген Тараптардын персоналынын тизме боюнча курамы, ага карата квалификациялык талаптар жана иштөө шарттары Тараптар тарабынан өз алдынча макулдашылууга тийиш.
4.6. Коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарына жана коммерциялык эсепке алуунун контролдук . каражаттарынын схемаларында колдонулган өлчөө трансформаторлорунун ордун алмаштыруу, алмаштыруу, жүктөмүн өзгөртүү Тараптардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Тараптар бул жөнүндө бири-бирине иш башталганга чейин 5 (беш) жумуш күндө кабарлоого милдеттүү, ал эми коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарында жана/же коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарында бузулуу аныкталган учурда бул тууралуу экинчи Тарапка 1 (бир) жумуш күн ичинде кабарлоого тийиш. Аталган кабарламалар Келишимдин 12-беренесине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
4.7. Тараптар коммерциялык эксплуатация башталган датага чейин Тараптар макулдашууга тийиш болгон кандай гана болбосун ыкма менен электр энергиясынын коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылууга тийиш. Мындай алмашуу суткасына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлүүгө тийиш жана коммерциялык эсепке алуунун эсептөө каражаттарынын жана коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарынын курамында ар бир эсептөө прибору боюнча жарым сааттык маалыматтарды камтууга тийиш.
4.8. Коммерциялык эсепке алуунун эсептик каражаттары боюнча электр энергиясынын коммерциялык эсебинин маалыматтарын автоматтык түрдө алуу мүмкүн болбогон учурда электр энергиясынын коммерциялык эсебинин маалыматтарын алуу үчүн резервдик булактар (артыкчылыктын азаюу тартибинде) орун алат:
а) Тараптар комиссия менен алынган коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрү;
б) ЭКЭАМӨС тарабынан чогултулган коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттарынын маалыматтары;
в) фото жана видео жаздыруу менен комиссия менен Тараптар тарабынан алынган коммерциялык эсепке алуунун контролдук көрсөткүчтөрү;
г) ТП АБС системасынын (8САБА) көрсөткүчтөрү, бар болсо;
д) Сатып алуучу тарабынан Берүүчүгө берилген техникалык шарттарга ылайык технологиялык кошулуу түйүнүнүн подстанциялары боюнча баланс (мындан ары - подстанция). Берүүчүдөн берилген электр энергиясынын суммалык эсепке алуунун баланстык методу подстанциялардын калган (Берүүчүнүн технологиялык туташтыруу түйүнүнө тиешеси жок) туташтырууларынын өлчөө натыйжаларын пайдалануу менен колдонулат жана төмөнкү көрсөткүчтөрдү камтыйт: электр энергиясынын тармакка келүүсү, тармактан чыккан электр энергиясын берүү, керектөөчүлөр тарабынан жеке муктаждыктары үчүн электр энергиясын керектөө, электр тармактары чарбаларынын элементтеринде электр энергиясын жоготуулар. Берилген электр энергиясынын көлөмү төмөнкүдөй формула менен аныкталат:
W = Wотд + Wсн + Wхн + Wпот - Wпр, |