Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 173
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 28 "Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 83 чечими менен бекитилген Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелерине шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын дистрибьюторлоруна колдоо көрсөтүү максатында, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 28 "Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Мыйзамынын 15-беренесин" деген сөздөр "Мыйзамын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасындагы дары каражаттарынын дистрибьюторлору үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 80 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекциялардан өтүү 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилге ыктыярдуу болуп эсептеле тургандыгы.";
3) Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги текстте "шайкештигине" деген сөз "шайкеш келүүсүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Дары каражаттарын өндүрүү Талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келет деп таанылган учурда фармацевтикалык инспекторат тарабынан чечим кабыл алынат жана сертификат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 83 чечими менен бекитилген Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелеринде белгиленген форма боюнча сертификат берилет.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Субъекттин аталышы, инспекциялануучу объекттин орду которулбастан жайгашкан дарегинин аталышы өзгөргөн учурда, техникалык каталарды оңдоо үчүн инспекциялануучу субъект бул жөнүндө аталган маалыматтарды ырастаган документтерди (эгер колдонулса) тиркөө менен жазуу жүзүндө фармацевтикалык инспекторатка кабарлайт. Фармацевтикалык инспекторат арыз келип түшкөн датадан тартып 20 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө сертификатты кайра тариздейт.";
- 35-пункттагы "35-пунктунун" деген сөздөр "34-пунктунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48. Инспекция жүргүзүүнүн жүрүшүндө дары каражатынын сапатына дистрибьютордук процесстин потенциалдуу терс таасири аныкталган учурда материалдардын же продукциянын үлгүлөрү (сынамдары) алынат, алар аккредитацияланган лабораторияга сыноо үчүн жиберилет. Мында үлгүлөрдүн (сынамдардын) наркы компенсацияланууга тийиш эмес.";
- 56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56. Эгерде инспекция жүргүзүү процессинде дары каражатынын (дары каражаттарынын) үлгүлөрү (сынамдары) алынса, дистрибьюторду инспекциялоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн инспекциялык отчетко ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык мындай үлгүлөрдү (сынамдарды) алуу актысы тиркелет.";
- 67-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Дистрибьютордун аталышы, инспекциялануучу объекттин орду которулбастан жайгашкан дареги өзгөргөн учурда, техникалык каталарды оңдоо үчүн дистрибьютор бул жөнүндө 30 календардык күндүн ичинде аталган маалыматтарды ырастаган тийиштүү документтерди (эгер колдонулса) тиркөө менен жазуу жүзүндө фармацевтикалык инспекторатка кабарлайт. Фармацевтикалык инспекторат арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде сертификатты кайра тариздейт.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-9-тиркемелери ушул токтомдун 1-9-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды